super.kg logo
  Спорт  

Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев: "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт"

 

Бишкекте футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралууда. Футбол борбору ФИФАнын гранттык каражаты менен салынат. Бирок жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФА футбол борборун башка өлкөгө курат дейт Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев.

- Бишкекте футбол борборун куруу маселеси качан көтөрүлүп баштаган?

Бишкекте футбол борборун куруу маселеси менен ФИФАнын атайын программасы аркылуу гранттык каражат бөлүп берүүсү боюнча иштерди Футбол федерациясы бир канча жылдар бою иштеп келди. 2017-жылы Ошто футбол борбору ачылган. Эми ушундай борборду Бишкекте куруу үчүн жер маселеси турууда. Борбордун курулушуна каражат толугу менен ФИФАнын грантынан болот. Биз тарап болгону ылайыктуу жер бөлүп беришибиз керек. Негизи бизге ФИФА убакытты 30-августка чейин берген эле, бирок биз сүйлөшүүлөрдүн негизинде 31-декабрга чейин узарттык. Эми ушул убакытка чейин жер маселеси чечилип, иш башталбаса анда ФИФА грантты коңшу өлкөлөргө берип коюшу мүмкүн.

- Футбол борбору курулуп калса, мэрияга караштуу болобу?

- Бул маселени карап көрсөк болот. Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар сурап жатабыз. Анткени футбол борбору жашоочуларга жеткиликтүү болушу керек. Борбор салынып бүтсө, мэрияга караштуу же болбосо эки тарап тең бирдей караса болот. Алсак, Оштогу футбол борборун мэрия Футбол федерациясынын карамагына өткөрүп берген. Аны толугу менен каржылоо иштерин федерация алган.

- Футбол борбору канча балага ылайыкталып курулат?

- Мунун стандарты бар. Борбордо 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат. Азыркы эсеп боюнча борбор курулуп калса, анда 5 миңге ылайык жаш футболчулар тарбиялана алышат.


кошулду


Бишкекте футбол борборун курууга жер керек

Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
20.12.2019. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
26-02-2020 15:32
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чондорубуздун бир стадион кууруга алы жетпедиби? Мынча бечелсинер жегенди кыйын билесиңер. Жер маселесин чечип бергиле эми батыраак. Чек ара менен ишиңер жок же бул жак менен ишиңер жок
20.12.2019. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
873
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
26-02-2020 11:47
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кытайларга тапкан жерди озубуздун балдарга бербесенер бардык мэрияда иштегендер кеткиле.
20.12.2019. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2451
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
26-02-2020 14:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жей калалы деп шашып жатасынар го э.
20.12.2019. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
233
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 14:08
Жынысы:
Белгисиз
+7
Солдуроп жер маселесин чечип бере албай грантты алдырып жибергиле. Оозуна чайнап салып бергенди жута албаган мамлекет болдук го. Чоңдор кантип жей калсак деп айла изде атышкандыр
Super TV
20.12.2019. 20:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
26-02-2020 16:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара жыгачтын устундо соонун жер бар го стадионго ылайыктуу. Жанагы Достоевский кочосунун кун чыгыш жагы
21.12.2019. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
04-01-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 12:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЛИВЕРПУЛЬ
+1
Абылгазиев "стадион болот!"деп кыйкырып атпады беле.Кана эми?
D.I.D. түзөттү 2019-12-21 10:52:50
Super TV
21.12.2019. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-11-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 13:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде өзүбүз үчүн жеп берилбесе билбейм анда. Эмне үчүн Бишкекке курулуш керек. Башка аймактар деле барго
Super TV
21.12.2019. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-11-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 13:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе куруш керек болсо эле Ош, Бишкекти карап калышат. Ансыз деле Бишкекте пробка.Башка аймактарды деле караса болот да
21.12.2019. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 16:20
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кийин стадионду ФИФА караса Кыргызстанга пайдасы деле жок. Билеттен тушкон пайданын баары аларга кетет
21.12.2019. 23:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 14:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sakubek, зато ФИФА жакшы карап берет, атайын специалисттер келип иштеп берет. А биздикилер газонду өстүрө албайбыз
22.12.2019. 02:13 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
03-11-2019
Соӊку аракети:
01-01-2020 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,мынча ичин таар.Балдар окуйт ал жерде
25.12.2019. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
26-02-2020 16:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakubek,FIFA карабайт Кыргызстан Футбол Федерациясы же Бишкек мэриясы деп айтылып жатпайбы.
21.12.2019. 19:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
26-07-2012
Соӊку аракети:
26-02-2020 15:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куруп бересего жакшы биз атка минерлер куруп бергени үчүн акча сураса керек бизди туура түшүн жеп калышыбыз керек бундай шанс бир келет
21.12.2019. 19:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 16:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Экс мерлердин гектарлаган жерлерин алып бергиле?
21.12.2019. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
12-11-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 05:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Раз өзүңөр сала албагандан кийин, башкалардын бекер салып берүүсүнө шарт түзүп бербейсиңерби жеп-жутарлар.
21.12.2019. 20:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
29-01-2020 14:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жолу бизнесмендерди чогултуп стадион куруп бергиле биз жер болуп берели дегенде эч бир бизнесмен ун каткан эмес ошол жер эмес болуптур
21.12.2019. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
29-01-2020 14:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол жер эмне болуптур
21.12.2019. 21:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
602
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
26-02-2020 14:18
Жынысы:
Белгисиз
-5
фифага салдырбаш керек өзүбүздүн бизнесмендерге салдырабыз жер бөлүнгөн юж магистраль жактан
22.12.2019. 04:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
26-02-2020 14:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Баткенде болгондо озум жерим береттем
22.12.2019. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
07-08-2017
Соӊку аракети:
26-02-2020 15:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтогул шаарына салыш керек.Тен ортодо.Каалагандар барып коруп келишет.Элдерге да жумуш табылат.Жон гана менин жеке ойум.
22.12.2019. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
08-03-2015
Соӊку аракети:
22-12-2019 21:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Футбол борбор дейт, стадион эмес, стадионду Кыргызстан өздөрү эле салышат, ФИФА салып бере турган борбордо балдар окуп үйрөнө турган жер..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137973;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: