super.kg logo

"Ысык-Көлдүн 85тен ашык мектептеринде тренинг өткөрүлүп, окуучуларга кесипти туура тандоого багыт берилди" дейт тренинг өткөргөн мугалимдер

 

Бүгүн, 20-декабрь күнү "Супер Медиа" медиа борборунда Ысык-Көл облусунун мектептеринде мугалимдерге профессионалдык ориентация жана карьера жасоо боюнча программанын жыйынтыктары тууралуу жыйын өттү. Жыйынга "Wisefull" эл аралык өнүгүү борборунун психологу, социалдык педагог, "ФЕЦА" фондунун аткаруучу директору катышты.

Жыйында Ысык-Көл облусундагы 85тен ашык мектептерге тренинг өткөрүлүп, окуучуларга кесипти туура тандоо тууралуу багытт көрсөтүлгөнү тууралуу айтылды. "Бүгүнкү күндө окуучулар кесип тууралуу маалыматты ММК аркылуу же ата-энелеринин кеңеши менен тандашат. Бүтүрүүчүлөр ЖРТдан (жалпы республикалык тестирлөө) өткөндө, кошумча сабактарды туура тандоосу зарыл. Ал үчүн 14 жашынан баштап кайсы багытта окугусу келет аныктап алып, 2-3 жыл ошол багытта окууну күчөтүү зарыл. Биз тренинг учурунда балдардын өзүнүн кызыгуусун, талантын эске алып, кесипти туура тандоого багыт бердик. Ошондой эле жогорку класстагы окуучулардын мугалимдери, завуч, класс жетекчилери менен да иш алып бардык. Алар окуудан тышкары ачык сааттарды өткөрүп, анда талкуу уюштуруп, окуучуларды тесттен өткөрүп, жыйынтыгында балдардын эмнеге кызыгарын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. "Кумтөр голд" компаниясынын колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы көп мектептерге тренинг өткөрүлдү. 2-3 жылдан кийин анын жыйынтыгы чыгып баштаса керек деп ойлойбуз", - дейт психолог-педагог Татьяна Романова.

"Мурун ата-энелери балдарды басмырлап, тууганына, кошунасына салыштырып жүрүшсө, азыр ата-энелер да көп нерсени түшүнүп калышты. Алар да балдары менен иштеше билүүнү үйрөнө алышты", - дейт "ФЕЦАнын" аткаруучу директору Анара Надирбекова.

"Биз дүйнө жүзүндөгү балдардын IQ`сун текшерип көргөнбүз. Статистикага ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн балдарынын потенциалы 124 упай чогултту. Мындай жогорку потенциал менен кыргыз балдары бир гана республикалык аренада эмес, дүйнөлүк аренага чыкса болот. Андыктан алар кайсы билимди алып, кайда окуйт, кайда иштейт, ушул багытта туура жол көрсөтүүбүз керек. Балдарды тесттен өткөрүп, алардын темпераментин аныктап, ата-энелерге баласынын темпераментине жараша мамиле кылуусу керектигин түшүндүрдүк", - дейт "WIisefull" америкалык өнүктүрүү борборунун психологу Нурзат Айтпай.

Ошондой эле Анара Надирбекова "Биз эки жылдан бери ушул долбоор менен иштеп келе жатабыз. Быйылкы кесиптик багыттоо долбоору боюнча 25 миң окуучу катышты. Негизи биздин фонд 5 тармакта: мигранттар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жаштар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана аялдар. Эң аярлуу катмар менен иштейбиз", - дейт.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138115;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: