super.kg logo

"Үйдөн жок же акчадан жок отурам" дейт мугалим. Компаниядан курулуш иштери жүрүп жатканын айтат

 

"Өз өлкөмдө укугум тебеленип жатат, чет өлкөгө кетип калсамбы деген ой келип жатат" дейт Айгүл Бердигулова аттуу мугалим. Ал 2 жылга чукул убакыттан бери курулуш компаниясынын биринен акчасын өндүрө албай жатканын же батирге ээ боло албай жатканын бүгүн, 20-декабрда "SUPER-MEDIA" маалымат борборунда айтты.

2018-жылдын апрель айында бир бөлмөлүү батир алмакчы болуп, мурдагы "Арабиан-Кыргыз "Аль-Хнейзи" учурда атын "Ынтымак Курулуш" деп өзгөртүп алган курулуш компаниянын турак үйүнө токтолгон. Анда компания имараттын курулушу сентябрда бүтө турганын айтып, кардарларын кубанткан.

"Компания менен түзгөн келишимде алгач 10 миң долларды калганын кийинчерээк бериш керек болчу. Күзүндө деле батирди берген жок. Көрсө курулушу аяктабаптыр. Үй 10 жылга чукул убакыттан бери бүтпөй туруптур.

Компаниянын жетекчиси Русланбек Хамдамовго үйдү көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтүрүп берген жоксуз деп кайрылганымда анын жардамчы кыздары колумдагы келишимди карап чыгабыз деп алып, үйдү бүтүрүп берүү мөөнөтүн бир жылга узартып коюшуптур. Алар мага бир пункту алып салабыз дешкен.

Анын ишенген кишиси бар да. Болбосо ушунча кишиден акча алып, кайра бизге догурунмак беле. Ал бизге эмне кыла аласың дегендей мамиле кылат. Мен 13 миң доллар жоготуп отурам. Акчаны менден кантип алса, кайра колума ошентип кайтарып берсин. Өз өлкөмдө укугумдун корголушун талап кылам. Барарга жерим жок, укугум тебеленип жатат, чет өлкөгө эле кетет окшойм. Бул иш боюнча акыйкатчыга да кайрылгам, ал жактан менин арызымды шаардык сотко, шаардык сот Октябрь райондук сотко жиберип, иш каралмак. Бирок Хамдамов сотко келбей жатат.

Азыр менин кызым 15 миң сомдон төлөп, батирде жашап жатат. Шаардагы үйүмдү сатып, жаңы алайын деп талаада калдык. Биз ала турган имарат 2015-жылдан бери арестте турат экен", - дейт ал.

Батир алам деп акчасын жедирген дольщиктердин бири Икрам Мамбетов 2 жылдан бери Ысык-Көлдөн Бишкекке келип, кетерин айтат. "Хамдамов менен сүйлөшөйүн деп Ысык-Көлдөн келебиз бирде ооруп калат, бирде сөзүбүздү укпай эле кыйкырып жан сакчы балдарын чакырып, кабинетинен чыгарып салат. Компаниянын финансылык директору, юристи дагы эч нерсе айтпайт", - дейт ал.

Мугалим Бердигулованын айтымында, бул компания дольщиктерден алган акчага дагы башка имарат салып, башкаларды дагы алдап жатат. "Бизден алган акчага башка курулушту жасап, аны сатыкка коюп, башкалардан дагы акча алып жатат. Бул жерде Хамдамов биринин акчасын экинчисине жумшап жатат. Анан дагы келишимде компания бизге эле талап коё бериптир", - деп жыйынтыктады сөзүн.

Бул боюнча "Ынтымак" курулуш бирикмесине кайрылганыбызда, аталган имаратта азыр деле курулуш иштери жүрүп жатканын айтат.

"Айгүл Бердигулованын айткандарынын көбү чындыкка дал келбейт. Компанияда дольщиктер иштейт. Акчага жараша курулуш иштери жүрүп жатат. Дольщиктер акча бербесе, курулуш аягына чыкпайт да. Айгүл Бердигулова батирдин курулушу бүтпөйт экен, акчамды кайтарып алам деп арыз да жазган эмес", - деп билдирди компаниядан.

Сүрөт компаниянын уруксаты менен жарыяланды



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138115;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: