super.kg logo

ТЕСТ: Кениянын акамба уруусунда адамдар эмне үчүн бири-биринин бетине түкүрүшөт? Бул сый көрсөтүүбү же мазактообу?

 

Дүйнө кызыктарга бай экендиги талашсыз. Жер жүзүндө канча улут, канча мамлекет болсо, ошончолук көп кызыктар бар. Дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө кооздугу көз жоосун алган, ары таң калтырса, ары суктанткан дагы кандай жерлерди билесиз? Башка өлкөлөрдүн каада-салты, өзгөчөлүктөрү жана алардын табияты тууралуу маалыматыңыз барбы? Анда төмөндөгү тесттен өтүп, билимиңизди текшерип, Түркүн дүйнө рубрикасынын туруктуу окурманы экениңизди же аталган рубрикага анда-санда баш багып турганыңызды карап көрүңүз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кайсы мамлекетте чет өлкөгө телефон чалуу, чет элдик тасма көрүү, чет жакка эс алууга чыгууга тыюу салынган?

Жогоруда саналып өткөн тыюулар Түндүк Кореяга таандык. Түндүк Кореянын жарандары өзү каалаганын кыла алышпайт. Мыйзам бузуулардын эң жеңили сүргүн жана түрмө менен аяктаса, эң оору өлүм жазасы менен жыйынтыкталат.

Кийинки суроо


Сингапур
Түндүк Корея
Бутан

Дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет кайсы?

Ватикан дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет болуп эсептелинет. Аянты 0,44 чарчы чакырым. Башка мамлекеттерден айырмасы төрөлүүнүн дээрлик жоктугу. Калкынын саны 605 киши (2017-жылга карата).

Кийинки суроо


Ватикан
Монако
Ямайка

Никосия шаары кайсы өлкөнүн борбору?

Никосия Кипрдин ордо калаасы. Ал байыркы шаар. Бир эле учурда гректердин жана Кипрдин түндүгүндө отурукташкан түрктөрдүн маданиятынын очогу болуп саналат.

Кийинки суроо


Шотландия
Жаңы Зеландия
Кипр

Флора жана фаунасы бай болгон, кооз жана кызыктуу Танзания өлкөсү кайсы континентте жайгашкан?

Танзания Африка континентинин чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Бул өлкөгө табият байлыгын аяган эмес. Тропикалык сейил бакта 30 миңден ашык жаныбарлардын түрү байырлайт. Ал эми Китуло улуттук сейил багында өсүмдүктөрдүн 350 түрү, орхидеянын 40 түрү бар. Бул сейил бакты “Кудайдын бакчасы” деп да атап коюшат.

Кийинки суроо


Австралия
Африка
Азия

Кениянын акамба уруусунун салтына ылайык, адамдар бири-биринин бетине түкүрүшөт. Бул салт кандай учурда колдонулат?

Кениянын акамба уруусунда адамдар менен учурашып жатканда сөзсүз анын бетине түкүрүшөт. Бул мазактоо эмес, тескерисинче урмат-сый көрсөтүү катары кабыл алынат.

Кийинки суроо


Жакын адамын узак сапарга узатып жатканда
Ачуусу келгенде
Учурашууда

Англияда белгилүү болгон “5 o'clock” каадасы кандай жөрөлгө?

Бул чай ичүү каадасы. 1662-жылы падыша Карл 2’нин учурунда пайда болгон. Ага ылайык, жакын адамдарың менен чай үстүндө маектешүү же жөн гана чай ичип отуруу. Аты айтып тургандай эле, саат 5ти чай ичүү убактысы деп коюшат.

Кийинки суроо


Чай ичүү
Конок чакыруу
Иш күнүнүн аякташы

Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кылмышкерлердин саны арбын?

Дүйнө жүзү боюнча жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын эң көбү АКШда. Эң кызыгы АКШнын аймагында Жер жүзүндөгү калктын 5 пайызы гана жашайт. Ал эми түрмөдөгү кылмышкерлердин саны дүйнөдөгү бардык абактагы адамдардын дээрлик чейрек бөлүгүн түзөт.

Кийинки суроо


Ирак
Кытай
АКШ

Мамлекет макамына ээ болгон Азиядагы эң чоң шаар кайсы?

Сингапур Республикасы Азиянын түштүк-чыгыш аралдарында жайгашкан. Эгемендүүлүктү 1965-жылы 9-августта алган. Парламенттик башкаруудагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Калктын басымдуу бөлүгү англис тилинде сүйлөйт.

Кийинки суроо


Сингапур
Шри-Ланка
Ливан

Дүйнө жүзү боюнча кайсы өлкө эң бактылуу өлкө болуп эсептелинет?

Дүйнө жүзүндөгү эң бактылуу өлкө болуп Финляндия эсептелинет. Бул көрсөткүч калктын социалдык жактан камсыздыгы, ден соолугунун, жашоо-шартынын деңгээли, ошондой эле өмүрүнүн узактыгы боюнча аныкталган.

Кийинки суроо


Колумбия
Финляндия
Венеция

Непалдын борбору Катмандуда мышыктар дээрлик жокко эсе. Себеби эмнеде?

Непалдын борбору Катманду шаарында мышыктардын жокко эсе болгондугуна маймылдардын кол салуусу себеп болгон. Мышыктар айрым храмдарда гана кездешет. Шаарда мышыктар сейрек кездешкендиктен, аларды ыйык көрүшөт.

Кийинки суроо


Катмандунун тургундары мышыктарды жаман көрүшөт
Мышыктарга шаардын климаты жакпайт
Шаарда маймылдар көп болгондугу үчүн

Батыш Африкада жайгашкан Нигер Республикасынын негизги өзгөчөлүгүн белгилеңиз...

Нигер Республикасынын негизги өзгөчөлүгү – өлкөдө жаш адамдардын санынын көптүгү. Өлкөнүн калкынын саны 21,5 миллион адамды түзөт. Алардын дээрлик жарымынан көбүн өспүрүмдөр түзөт. Мунун себеби өлкөдө төрөлүүнүн көп болгондугу жана өмүрдүн кыскалыгы. Жашоонун орточо узактыгы 52 жашты түзөт.

Кийинки суроо


Өлкөдө жаштар басымдуу
Каада-салты эң көп болгондугу
Жамгыр жаабайт

Токой жана суу ресурстарын активдүү коргоого алган Швейцария дүйнөдөгү экологиялык жактан эң таза өлкө болуп саналат. Ал эми экологиясы кир деп эсептелген өлкө кайсы?

Бангладеш экологиясы кир өлкө. Себеби өлкөдө калк өтө жыш жайгашкан. Ошондой эле экологиялык стандарттарга туура келбеген эски технологияларды колдонгон өндүрүштөр арбын. Анын кесепетинен абада өмүргө коркунучтуу заттар көп.

Кийинки суроо


Кытай
Бангладеш
Индия

Билим деңгээли жогору болгон жана эң билимдүү деп табылган өлкөнү белгилеңиз...

Канада билимдүү өлкө деп эсептелинет. Калктын дээрлик басымдуу бөлүгү орто жана жогорку билимге ээ. Канадалык университеттердин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн бардык бөлүгүндө жогору бааланат.

Кийинки суроо


Улуу Британия
Норвегия
Канада

Төмөндө аталган шаарлардын кайсынысында транспорт катары велосипед кеңири колдонулат?

Нидерландынын түндүгүндө жайгашкан Гронинген шаары транспорт катары велосипедди кеңири колдонгон шаар катары жогорку көрсөткүчкө ээ. Шаар тургундары окууга, жумушка, керек болсо эс алууга да велосипед менен чыгышат.

Кийинки суроо


Гронинген (Нидерланды)
Токио (Япония)
Копенгаген (Дания)

“Путин” бул кайсы өлкөнүн сүйүп жеген улуттук тамагы?

“Путин” канадалыктардын сүйүп жеген тез татым тамагы. Алгач бул тез татымды 1957-жылы Фернанд Лаченс аттуу ресторатор ойлоп тапкан. “Путин” француз кулинариясынын термини, ал “баш аламан” же “иретсиздик” дегенди түшүндүрөт. Бул тез татым картошка-фри, сыр жана соустан жасалат. Ар түрдүү рецептери бар.

Кийинки суроо


Орусия
Канада
Украина

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
22.12.2019. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
07-02-2019
Соӊку аракети:
15-02-2020 09:40
Жынысы:
Белгисиз
-4
14 эмне деген шумдук нол
22.12.2019. 21:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
20-02-2020 15:38
Жынысы:
Белгисиз
-1
67
22.12.2019. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
20-02-2020 19:04
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен айтпай эле коёюнчу вообще уят эле(((
22.12.2019. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
645
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
20-02-2020 09:56
Жынысы:
Белгисиз
-3
34
22.12.2019. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
662
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
20-02-2020 12:26
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура жооп 9, 6 оо ката дейт, ошентип 60 балл болдум
22.12.2019. 23:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
20-02-2020 18:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кызыл кыя
-4
54 болот мага
22.12.2019. 23:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
05-06-2018
Соӊку аракети:
20-02-2020 16:17
Жынысы:
Белгисиз
-6
74 балл. Керек эмес маалыматтар мээмде коп экен)))
23.12.2019. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
09-03-2017
Соӊку аракети:
20-02-2020 12:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мырза Аке.
-3
54
23.12.2019. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
18-07-2017
Соӊку аракети:
06-02-2020 09:49
Жынысы:
Белгисиз
-2
0 ураа
23.12.2019. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
20-02-2020 14:58
Жынысы:
Белгисиз
-3
100
23.12.2019. 14:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
453
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
20-02-2020 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
-4
54 уят. Дуйно таанууну кенейтиш керек экен.
25.12.2019. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
17-01-2020 15:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Джалал-Абад
-1
30 балл уят эле, компьютерде отурабыз, коптогон маалыматтарды билбейбиз.
26.12.2019. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
10-01-2011
Соӊку аракети:
15-01-2020 18:20
Жынысы:
Белгисиз
-1
74 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: