super.kg logo

Депутат эшек эти боюнча: "Эл Жаңы жылга жакын кандай эт аларын билбей калды"

 

Депутат Зиядин Жамалдинов эшек эти боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иши боюнча маселени өткөндө көтөрдүм эле. Мына менин колума уруксат кагазы келип түштү. Бул жерде бир фирмага 5500 эшек терисин "Торугарт" аркылуу алып өткөнгө уруксат берилиптир. 5500 эшек көп да. Эгерде эшектер биздин өлкөдө союлган болсо, эттери кайда кетти? Ким көзөмөлдөп жатат? Эл жаңы жылга жакын кандай эт аларын билбей калды. Эшек бизнес болсо, тирүүлөй алып кетишсин. Аталган инспекциянын "крышасы" аябай чоң кишилерби, канча жолу көтөрөбүз? Бул маселеге чекит коюу керек", - дейт Жамалдинов.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.12.2019. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
589
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
24-02-2020 16:50
Жынысы:
Белгисиз
-4
чек араны суйлогулочу кара курсагынарды ойлогондон башка эч нерсе кылбайт экенсинерго
19.12.2019. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
01-10-2014
Соӊку аракети:
25-02-2020 02:37
Жынысы:
Белгисиз
+8
chake,Бул жерде депутат өзүнүн эмес сенин жана менин курсагым тууралуу айтып жатат.Угуп жатабыз го эшектин этинен самса , чучук шашлыктар сатылып жатканын. Туура айтат, тирүүлөй алып кете беришсин, ошондо бизге коопсуз болот.
19.12.2019. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
592
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
24-02-2020 16:41
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыргыз эли эттен эч качан жанылган эмес. Жакшы билет койдун, уйдун этин. Соз болуп жаткан эшектин эти бул европа, кытай кухня деп болгон специй кошуп элге корсотпой жасаган тамактарда болуусу толук мумкун.
19.12.2019. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
26-03-2018
Соӊку аракети:
24-02-2020 18:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң жакшысы мал базарга барып каалаганыңды сатып ал
20.12.2019. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
25-04-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 00:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура маселе, арам тамактан алыс болгон жакшы. Тируу алып кетишсинда нары, союп кыргыз жерин булгабай арам менен. Эшек бизнес кылгандарга ынсап берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137919;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: