super.kg logo

"REакция 2" митинги: Урма аспап менен коштолгон лозунгдар, кызыл айып кагаз, күтүүсүздөн аянтка келген топ...

 

Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы 7-Апрель эстелигинин алдында "Reакция 2. Сөз эркиндиги үчүн жана коррупцияга каршы" аттуу митинг өттү. Бул митинг буга чейин 25-ноябрда дагы уюштурулган болчу.

Саат 11:30га белгиленген митингге эл топтоло баштаганда башка тараптан кыргыздын желегин көтөрүп, башына ак калпак кийген топ келе жатты. Журналисттер ал топтун алдын утурлап, антимитинг эмеспи деген суроолорду узатышты. Мындагы жигиттердин бири алардын тобу бүгүнкү митингге каршы болуп келишкенин айтканы менен башкалары кепти бөлүп, болгону тынчтык үчүн келдик деп жооп беришти.

Бул ортодо "Кырк чоро" кыймылынын лидери Замир Көчөрбаев келип: "Бул келгендер биздин кыймылдын балдары деген кеп тарады. Мен аны тактоо үчүн келдим. Азыр билбейм, аларды ким уюштурганын", - деп билдирди. Митингден кийин биз ал менен байланышканда ал балдардын бизге тиешеси жок деген жоопту узатты.

"Reакция 2" урма аспаптын коштоосунда өттү. Катышуучулардын негизги талаптары "Сөз эркиндигине басым, кысым көрсөтпөө", "Прокуратура коррупцияга карата конкреттүү кадамдарды жасасын" болду. Алар соттордон жана прокуратурадан буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан коррупция боюнча даярдалган иликтөөлөргө реакция кылышын талап кылышты.

Митингге "Ачык саясат" гезитинин редакциялык жамааты да келип кошулду. Алар бүгүн "Кожобек Рыспаевге 1 сомдон" аталышындагы акцияны башташкан. Буга Жогорку Соттун аталган гезиттен 300 миң сом доо Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге өндүрүп берүү чечимин күчүндө калтыргандыгы себеп болгон.

Ошол эле учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "Азаттык", "Клооп" жана "24 кж" сайттарына карата 50 миллион сомдук доо арыз жазганы сөз эркиндигине карата жасалган басым деген оюн КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева айтып өттү.

Митингдин соңунда катышуучулар сотторго жана прокуратурага кызыл айып кагазын көрсөтүштү. Андан кийин митингдин убактысынын созулуп жатканы шаар тургундарына, жол кыймылына ыңгайсыздыктарды жаратып жатканын айтып, эскертип милиция кызматкерлери топтолгондордон тарап кетүүсүн өтүнүштү. Бирок ага келгендер митингдин талаптары жазылган кагазга кол коюуну улантып жатышты.

Ага удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бул митингдерди саясий кызыкчылыктары бар адамдардын аракети деп сыпаттай турганын жазды.



REакция 2 митинги: Прокуратурага жана сотторго кызыл айып кагаз берилди

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(6)
18.12.2019. 23:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
30-03-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 13:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
-5
Канчалаган кылымдар бою ата-бабаларыбыз ташка тамга басып очурбой келе жаткан Кыргыз деген улутту жарым кылымга жетпей болбогон бир кагаздар учун тубуно суу куйганы калдынар.
18.12.2019. 23:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
12-02-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 16:48
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мамлекеттик кызыкчылык калып жеке максат мудоолордун кагылышы бул.Мамлекет деп куйсонор Баткенге баргыла.
19.12.2019. 00:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
720
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
28-01-2020 16:18
Жынысы:
Белгисиз
-5
НПОлор өтө эле көбөйүп кеткендиги бизде билинип калды .
Super TV
19.12.2019. 01:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
25-02-2020 01:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз эркиндиги болбосо, ушинтип суйлойт беленер. Эчаак эле камап салмак. Соз эркиндиги Озбекстанда чектелген деп айтса болот.
19.12.2019. 05:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
11-08-2019
Соӊку аракети:
24-02-2020 20:19
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баткенге келип кылсанар митингти
19.12.2019. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
589
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
24-02-2020 16:50
Жынысы:
Белгисиз
-6
Митинг деген боз үйлөр тигилип талаптар аткарылмайынча кетпеген митинг болчуу азыркылар эптеп Амерканын акчасын алып туруп бир саат кыйкырып анан кайра кетип калганы митин деп эсептебейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137919;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: