реклама
super.kg logo

Суусамыр өрөөнүндө чабан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

 

Жайыл РИИБи тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"18-октябрь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл РИИБине Суусамыр өрөөнүндө эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш болгон жерге ыкчам иликтөө кызматы келип, Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылындагы жайлоодогу бадалдын астынан кыйноо менен өлтүрүлгөн эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" (130) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган жана керектүү экспертизалар жүргүзүлгөн. Кийинчерээк каза болгон маркумдун аты-жөнү такталып, ал 37 жаштагы жакын аралыктагы кашарда чабан болуп иштеген К.К. экени аныкталган.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгында, кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы Р.Б. аттуу тургуну кармалган. Маалыматка ылайык, маркум экөө кылмыш болгон күнү таанышып, спирттик ичимдик ичкен соң ортосунда жаңжал чыккан. Р.Б. К.К.ны сабап, колу-бутун жип менен байлап, оозуна баш кийимди тоголоктоп салып, чабандын үстүнө унаанын дөңгөлөгүн бастырып, изин жашырып кеткен. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.12.2019. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
06-06-2020 23:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран жаштык эми гулдой болгон омурун темир топр артында отот
17.12.2019. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
03-06-2020 16:29
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайда кетип баратбыз деги. Ошондуктан спирт ичимдиктерин чыгарган адамдарды кичине ооздуктоо кере.Сапаттарын да кароо керек, арактын, эмнеге азыркылар ичсе эле укмуштуудай окуяларды жасап жатат.Ичкенде контрольду жоготуп жатабы? Мээ иштебей калып жатабы? Же СМИден интернеттен ушундай окуяларды коруп,окуп,мээге сиңип калып жатабы?
18.12.2019. 02:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
11-04-2014
Соӊку аракети:
06-06-2020 23:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Absamat-90,Азыркы арактардын спирти мурдагыдай буудайдан эмес Кытайда отундун таарындысынан чыгарат аны ичкенде нервный системаны бузат контрольду жоготот башка ден соолукту дагы талкалайт ошол үчүн азыркы арактарды ичүү өлөм же жинди болом деп эле ичпесең жыргабайсың.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
145186;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: