super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Кан тапшырган ар бир донордун электрондук базасы иштелип чыгууда"

 

Бүгүн, 13-декабрда Бишкекте вирустуу гепатит оорусу жана анын алдын алуу иш-чаралары тууралуу маалымат жыйын өттү. Ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева, Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гульбара Ишенапысова жана башкалар катышты.

Жыйында вирустуу гепатитти жуктуруп алуу булактары, ооруну алдын алуу иш-чаралары жана гепатиттин акыркы жылдардагы статистикасы тууралуу сөз болду.

Жыйындын жүрүшүндө SUPER.KG порталы "Кан куюуда жана кан берүүдө көзөмөлдү күчөтүп, алдын алуу иш-чараларын жасаса болобу? Себеби жакында эле Улуттук онкология борборунда мындай көзөмөлдүн жоктугунан, балдардын кан аркылуу гепатит оорусун жуктуруп алган фактысы катталды", - деген суроо салды.

Буга Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева төмөндөгүдөй жооп берди.

"Алдын алуу жолдорун күчөтүш үчүн план иштелип чыккан. Анын алкагында, инфекциондук көзөмөл жүргүзүлүп турат. Бул боюнча бүгүнкү күндө токтомдор кайрадан каралып чыгууда. Анда алдын алуу жолдорун күчөтүү үчүн көп иш-чаралар киргизилди. Бул иш-чараларды аткаруу боюнча биздин планда каралган", - деди ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова:

"Тилекке каршы, кан аркылуу гепатитти жуктуруп алган фактылар бар. Анын ичинде Улуттук онкологиялык борбордо дагы ушундай инцидент орун алган деп айтылып келе жатат. Албетте, ал фактылар эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн негизинде гана тастыкталат. Белгилей кетүүчү нерсе, Улуттук онкология борборунда эпидемиологиялык стандарттар, талаптар жана иш-чаралар бузулгандыгы үчүн ал жакта текшерүү жүргүзүлгөн. Буга байланыштуу Онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы жумуштан четтетилди. Ал жерге жаңы башчы дайындалды. Учурда ошол жерде чынында эле, вирустук гепатит (С) жуктурулуп жатабы деген негиз менен эпидемиологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Мындан тышкары, жогоруда айтылып өткөн гепатит менен күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында дагы кан системинин коопсуздугу боюнча 15-16-17-пунктар кирди. Ага ылайык, бардык донорлордун каны текшерилет, биринчи кан борборлорунан текшерилип, эгер ал жактан гепатитке күмөн бар болсо, СПИД борборлоруна жөнөтүлөт. Андан сырткары, ар бир донордун электрондук базасы иштелип чыгууда. Ал базада кан берип жаткан адамдардын бардык маалыматтары бар. Кан коопсуздугун камсыздоо боюнча дагы медициналык процедураларды күчөтүп жатабыз. Бул системдердин баары кан борборлорунда бар. Кан коопсуздугун дагы күчөтүү үчүн вирустук активатор системи керек болуп жатат. Учурда аны алууга каражат изделип жатат. Бул систем менен 6 ай бою "период окна" деп коёт, канда вирустуу гепатиттин бар же жогун көзөмөлдөп, текшерүүгө мүмкүн болот. Ошондой эле жарандык активисттер жана коомдук уюмдар дагы бул маселе боюнча өз жардамдарын сунуштап жатышат", - деди ал.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.12.2019. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
452
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
18-01-2020 23:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Медицина кызматын санариптештирүү аркылуу калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу керек.
13.12.2019. 22:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
18-01-2020 22:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Медицина тармагында да реформалар жүрүп жатанынын белгиси
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136282;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: