super.kg logo

Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна реформаларды жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди

 

Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеште "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, фонддун төрайымы Элнура Боронбаеванын берген маалыматына караганда, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 16 миллиард 9 миллион сом көлөмүндө жана чыгашалар боюнча 16 миллиард 9 миллион сом көлөмүндө, 2021-жылга божомолу 14 миллиард 661 миллион сом жана 2022-жылга божомолу 17 миллиард 215 миллион сом өлчөмүндө түзүлдү.

Фонддун 2020-жылга карата чыгашалары келип түшүүсү болжолдонгон каражаттардын чегинде 15 миллиард 745 миллион сом, 190 миллион сом көлөмүндө камсыздандыруу запасын эске алуу менен болжолдонууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна реформаларды жүргүзүү жана социалдык теңсиздикти жоюу жаатында тапшырмалар берилди.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156378;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: