super.kg logo

3 эмдин энеси: "Алгач ультра добуштуу изилдөөдөн дарыгер эгиз деп, кийин 3 эм экенин билгенбиз"

 
Ата-энесинин уруксаты менен жарыяланды.

Борбор калаадагы №4 төрөт үйүндө 2-декабрда жарык дүйнөгө келген 3 эм кызга Аруузат, Аруужан жана Арууке деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда SUPER.KG порталына кыздардын апасы Шаттыгүл Кайыпбердиева билдирди.

3 эм кызды жарык дүйнөгө алып келген 35 жаштагы Шаттыгүл айым учурда 6 баланын энеси экенине кубанып, жагымдуу түйшүк тартып жатканын жашырган жок.

- Алгач 6 аптасында ультра добуштуу изилдөөгө барганда дарыгер эгиз деп айткан. 10 аптасында ультра добуштуу изилдөөгө барганда 3 эм экенин билдим. Мындай жагымдуу жаңылыкты угуп толкунданып, катуу сүйүндүм. Бул тууралуу жолдошума айтсам ал күлүп, “кийинки барганда 4 эм деп айтпайбы” деп күлүп, ишенген эмес. Чынын айтсам, бул бизге күтүүсүз белек болду.

- Мындан сырткары, дагы балдарыңыз бар экенин билебиз...

- Ооба, 3 эмден сырткары 2 кызыбыз 1 уулубуз бар. Кечээ төрөт үйүнөн үйгө чыгып келдик, учурда 6 балага көнүшүп жатабыз.

- 3 эмди ай күнүнө жетпей төрөлгөнүн билебиз, буга эмне себеп болду?

- Кыздарыбыз 8 айлык болуп кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келди. Биринчи кызыбыз 2 килограмм 320 грамм, ортончусу 3 килограмм, ал эми үчүнчү кызыбыз 2 килограмм 950 грамм салмакта төрөлдү. 1 апта дарыгерлердин көзөмөлүндө болдук, абалыбыз жакшырганда үйгө чыгарылдык. 3 эмди көтөрүү да оңой эмес экен, кош бойлуу кезимде ооруканага да жатып чыккам. Бел оорусу болду, шишик басты, кыскасы кош бойлуулар туш боло турган көйгөйлөргө мен да туш болдум. Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы.

- Жолдошуңуз кайсы тармакта эмгектенет? Күтүүсүз 6 баланын атасы болуп калганына сүйүнүп жатса керек?

- Жөнөкөй эле үй-бүлөбүз, жолдошум базарда соода кылат. Мен болсо буга чейин балдар менен үйдө болчумун. Мындан ары да бул жагымдуу түйшүк менен алектенем. Атабыз да, тууган-уругубуз да бардыгы ,албетте, сүйүнүп жатышат.



Бишкекте төрөлгөн үч эмге ысым ыйгарылды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.12.2019. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-01-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечектери кен, ыймандары бекем, билимдуу, кыргыз элин дуйного тааныткан чыгаан кыздардан болсун.
Super TV
11.12.2019. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
15-02-2020 01:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башка тема боюнча куболук бергендер силердин сатпай турган нерсенер барбы.Россияда озбеги,тажиги да кыргыз паспортторун которуп журушот не деген нерсе бул
Super TV
11.12.2019. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
15-02-2020 01:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошолор омурундо Кыргызстанды коргон эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138115;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: