super.kg logo

ИИМ: "Акнет" компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланышкан иш боюнча тергөө аяктады"

 

"Акнет" компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланышкан иш боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан "Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажимудиновго карата кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 миллион сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган. Андан соң Башкы прокуратура тарабынан аталган ишти иликтөө ИИМдин тергөө кызматына тапшырылган. Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө ИИМдин тергөө кызматы тарабынан "Акнет" компаниясынын президенти жалпы суммасы 616 миллиард 816 миллион 112 миң 70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган. Ушуга катар эле жалпы суммасы 384 миллион 901 миң 130 сом акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан. Азыркы учурда "Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажимудиновго карата кылмыш иши аяктап, Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгон деген маалымат тараган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

"Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына 28-май күнү киргизилген. Анда Жазык кодексинин 205-беренеси "ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которуу" менен иш козголгон.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.12.2019. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
422
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
18-01-2020 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодцы уурулардын орду түрмө камалсын мындай крысалардын үй мүлкүн конфискациялап мамлекетке өткөрүш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136282;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: