super.kg logo

2020-жылдын башкы түсү тандалды. Ал - ишеним туудурган "классикалык көк"

 

2020-жылдын башкы түсү болуп "классикалык көк" тандалды. Бул тууралуу "Pantone" эл аралык изилдөө институту жарыялаганын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

"2020-жылдын башкы түсү "классикалык көк" экенин жарыялайбыз. Ал эч бир убакытка баш ийбеген ишенимди туюндурган өң. Бул түс күүгүмдөгү асманды элестетип, корголгондой сезимди калтырат. Көк түс көбүнчө тынчтыкты билдирет. Биз ишеним талап кылган мезгилде жашап жатабыз. Мындай сезимди жана туруктуулукту бекем көк түс тартуулайт", - деп жазылат институт тараткан маалыматта.



Акыркы 20 жыл ичинде декабрь айында "Pantone" эл аралык изилдөө институту кайсы бир түскө "Жылдын түсү" деген наам берип келет. Ал түс кийинки жыл бою кийим, интерьер, графикалык дизайндагы мода тенденциясына таасирин тийгизет. Ошол эле учурда аталган институт кайсы бир түстү тандарда мода жана дизайн, кинематография, искусство жана башка көптөгөн тармактардагы акыркы тенденцияны эске алып, рейтинг түзөт.

2019-жылдын башкы түсү деп "жандуу коралл" тандалган эле.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.12.2019. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
19-01-2020 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун тус экен. Кок тустогу кийимдерди кийгиле.
08.12.2019. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
23-12-2016
Соӊку аракети:
19-01-2020 03:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашыл тусту белгилеш керек жашыл тус таза аба таза табият деп
08.12.2019. 21:51 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
07-11-2019
Соӊку аракети:
19-01-2020 16:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен суйгон цвет
08.12.2019. 22:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2337
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-01-2020 16:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тустогулор баш которуп чыкпаса болду эми, 2020 жыл биздин жыл деп.
09.12.2019. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
04-06-2019
Соӊку аракети:
19-01-2020 14:59
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136282;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: