super.kg logo

Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгындагы жүк ташыган унаанын айдоочусунун абалы оор

 

Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусунун абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кант шаардык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Айдоочунун абалы оор. Ал баш мээсинен жаракат алган. Тийиштүү жардамдар көрсөтүлдү", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Кечээ, 7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу Кант шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген. Андан тышкары, Максат Чойбеков аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткен. Бүгүнкү күндө Ысык-Ата тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүүдө.





 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.12.2019. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
27-01-2020 09:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким куноолуу болуп чыгат экен?
08.12.2019. 18:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
27-01-2020 03:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
aslonur,ошол туну ошол куну биз да жол журдук,ошол ДТП ны да коргонбуз.койуу туман болчу,биз аран эле журдук кудайлап.тумандан болду окшойт кырсык
08.12.2019. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
460
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
27-01-2020 05:12
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу карапайым болсо ошол күнөлүү болот. Бизде качан акыйкат болчу эле. Карганын көзүн чукубай калды го. Аллах шыпаасын берип сакайып кетсин
08.12.2019. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-08-2017
Соӊку аракети:
27-01-2020 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик кимдин колунда болсо ошонуку туура болот.
09.12.2019. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
22-03-2007
Соӊку аракети:
26-01-2020 20:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
0
РИИБнин башчысы болсо - айколдук кылыш керек.Негизи жук ташуучу унаалар чектен чыгып кетет кээде. Илгери жук таашуучу унаалар белги берчу ото бер деп, азыр кайра кысып жолдон чыгарып жиберейин дешет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136602;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: