реклама
super.kg logo

Москвада жарым жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

 

Москвада жарым жылдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан кыргыз аялдын жансыз денеси көмүлгөн жеринен табылды. Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ушул жылдын ноябрь айынын соңунда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө К.Т. аттуу Кыргыз жараны кайрылган. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун 1961-жылы туулган тургуну К.С. дайынсыз болуп жатканын айтып, өз алдынча издөө иштери жыйынтык бербей жатканын билдирген. Жардам сурап кайрылган жаран изделип жаткан аял апасы экенин айтып, 2019-жылдын апрель айынан тарта байланышка чыкпай, дайынсыз болуп жатканын билдирген. Изделип жаткан аял Москвадагы дүкөндөрдүн биринде пол жуугуч болуп иштеп жүргөн.

Бул кайрылуудан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМинин өкүлү тарабынан издөө иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 28-мартта Москванын Бирюлево районунда 58 жаштагы К.С. аттуу аялдын жансыз денеси табылып, өлүкканага жеткирилгени, андан кийин мамлекеттин эсебинин көмүлгөнү анык болгон. Маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес.
Бул факты боюнча бардык тийиштүү иш-чаралар аткарылып, маркумдун жакындарына сөөктү казып алууга жана "Жүк-200дү" мекенине алып кетүү үчүн тиешелүү документтер берилген. Бирок Орусиянын мыйзамына жана санитардык нормасына ылайык, жансыз денени кайрадан жерге берүү үчүн маркумдун көмүлгөнүнө бир жыл болушу шарт", - деп жазылат маалыматта.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.12.2019. 23:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
10-12-2019 15:39
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анда дагы алты айдан кийин кайра казып алышат экенда. Жайы Бейиште болсун апанын. Балдарына сабыр.
06.12.2019. 00:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
02-04-2020 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жайы жаннаттан болсун.
06.12.2019. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
19-10-2019
Соӊку аракети:
02-04-2020 21:27
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олукту кыйнабай эле коюшсун эми. Жакшылап Куран окуп багыштап турса сообу тиет.
06.12.2019. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
553
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
02-04-2020 22:43
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карыганда балдарга жардам берем деп иштеп талаада ажал тааптырда байкуш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140394;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: