реклама
super.kg logo

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт! 12-декабрга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаай турганын маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Нарын облусунда, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

7-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

8-10-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

11-12-декабрда айрым тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: