реклама
super.kg logo

Күйөөсүнө "Кийим абересиз" деген видеосу тарап кеткен келин элдин талкуусунан кандай сокку алганын айтып берди

 

Өткөн аптада социалдык тармактарга келиндин күйөөсүнө "Кийим алып бересиз" деп чырдап жаткандагы видеосу тараган. Видеону көргөндөр дароо эле "тажаал аял", "мындай аялдан Кудай сактасын", "ыймансыз" деген сыяктуу терс пикирлер жазылып, шакаба кылгандар да четтен чыкты. Бул арада "ал аялды шылдыңга алуу туура эмес, видеолорду өчүрөлү, өзү тууралуу жазылган комментарийлерди угуп, абдан оор абалда турат" деген интернет колдонуучу Сайрагүл Полотова аны шакаба кылбоого чакырган. Биз ал аркылуу видеодо тартылган келин Ырыскүл Макситова менен байланышып абалын сурадык.

Ал сөзүн "Азыр мага көчөгө чыккан эмес, дем алуу да кыйын болуп жатат" деп баштады. Айтымында, ал видеодо урушуп жаткан күйөөсү менен октябрь айында ажырашып кеткен.

Ырысгүл, видео тарап жатканын сиз өзүңүз көрдүңүзбү же сизге кабарлаштыбы?

- Жума күнү эле, түшкө жакын курбум чалып сен тартылган видео тарап жатат деди. Мен ал видеону көргөндө үстүмдөн кимдир бирөө муздак суу куюп жибергендей болду. Эч бир сөз чыкпай көпкө кыймылсыз отуруп калдым. Мен эле эмес, эжелерим да абдан жаман абалда калды. Анткени видеодо мен кыйкырчаак, тажаал аял көрүнүп калгам. Ооба, аша чаап күйөөмө ашыкча сүйлөнгөнмүн, бирок менин ачуум ошого жеткен болчу. Күйөөм экөөбүз 8 ай жашадык, алгачкы 3 айында бир да жолу үйдө чыр болгон жок. Ал жаман деп бир тараптуу сүйлөгүм келбейт. Ал менен өзүмдү бактылуу сезген учурларым болду, жакшы күндөрүбүз өттү.

- Анда сизди ачууланганга эмне жеткирди?

- Ошондон бир күндөн кийин тойго бармакпыз. Көп эле аялдар тойго жакшы кийим менен барууну каалашат. Ошондо мен ушул оюмду айтсам, алып бербейм деп койгон. Биз чогуу жашаган 8 айда менде андай шарт болгон жок. Башында унчукпай, өзүм алып келген кийимдерди кийип жүрдүм. Өзүм иштеп өзүмдү камсыздаганга айылда жумуш жок, экинчиден күйөөмдүн мурунку турмушунан 2 баласы бар, ошолорду карап үйдө отур, сени өзүм камсыздайм дечү. Бирок бир жолу миң сом берсе аны 2 ай айтчу, айтор кысылып кеттим. Баарына чыдайын десем анын мени менен жашай турган ниети да өзгөргөндөй болду. Мунун баарын ачыктап, анын купуя сырларын жая албайм, андан көрө ал мен кеткенден кийин бир жума өткөн соң башка бирөөгө үйлөнгөн десем түшүнүктүү болсо керек.

Ошол учурда анын өзгөргөнүн байкап ачуумду баса албай кыйкырып жаткан элем. Башынан эле аялдык сынымды бузбай, тыкан, жарашыктуу кийинип жүрүүнү туура деп көрөм. Муну жашырбайм. Биздин ажырашуубузга башка нерсе себеп болду. Видеодогу окуя ажырашкандан бир ай мурун болгон. Мен анын видеого тартып жатканын билген эмесмин.

- Бул боюнча күйөөңүз менен сүйлөштүңүзбү?

- Видео тараганда күйөөмө эжелерим чалды. Ал мен тараткан жокмун, өзүңөр тараттыңар деп бизди күнөөлөп койду. Дагы башка виделору да бар деп коркутуптур. Негизи видеону күйөөм өзүнүн анан менин эжеме жөнөткөн экен. Менин эжем аны эмнеге жайылтмак эле. Андан ары ким таратты деп териштирген жокпуз, балким, "өзү ушундай жаман аял болчу" деп кимдир бирөөлөргө актанып жөнөткөндүр, андан ары тарагандыр, билбейм.

- Күйөөңүз кечирим сурадыбы?

- Ооба, кечирим сурап сүйлөп жөнөтүптүр. Мен ага чейин эле ага каршы эч кандай аракет көрбөйм деп ойлонгом. Сотко бербейм, жамандык каалабайм. Көбү "сотко берип акча өндүрүп ал" деп жатышат. Күйөөм үчүн эмес, анын 2 баласы үчүн мындай жолго барбайм. Өзүмдүн балам жок болгондуктан, аларга абдан жакын болуп калдым эле, кичүүсү 3-класста окуйт. Мен кетип калганда мени менен келип, 1 апта жанымда жүрдү. Менден кетпей ыйлап жатты. Жаман аял болсом бала деле мага тартылмак эмес. Азыр аларды эстеп, сагынып да ыйлап жатам. Балдары менен жолугуштурам десе жолугууга даярмын. Негизгиси күйөөмдү Кудай кечирсин.

- Азыр абалыңыз кандай?

- Дагы деле жакшы эмесмин. Отуруп, туруп эле ыйлап жатам. Бул абалдан өз алдымча чыга албайм го деп психологдун жардамы керек экенин сезип турам. Элдин шылдыңы өтө оор болот экен. Аттуу-баштуу, мен чыгармачылыгын сыйлаган куудулдардан тартып, ар бир интернет колдонуучуга чейин шакаба кылышты. Эжелерим да, өзүм да көчөгө чыга албай калдык. Эжемдин эмчектеги баласы ооруп калып, бүгүн ооруканага барууга туура келди. Ал жерден элдин баары мени таң калып карап, сүрөткө түшүп алалы деп жүрүшөт. Анткен сайын оор болуп жатат. Социалдык тармактарга көп кирбейм, жакшы колдоно албайм. Чыныгы абалды түшүндүрүп, видеолорду өчүрүүгө курбум жардам берди. Болбосо ал жайылган сайын "өлүп алсамбы" деген ой келип жатты. Элге кайрылып, менин видеомду жайылткандын ордуна өчүрүп койгулачы деп суранат элем.

Биз Ырыскүл Макситованын классташы Сайрагүл Полотованын да оюн уктук. Ал курбусун оор абалда колдоп, социалдык тармактардагы видео-постторду өчүртүүгө активдүү аракет кылып, моралдык колдоо да көрсөткөн. Ал курбусу үйдө бир туугандардын эң кичүүсү, эркелик мүнөзү бар экенин айтып, бирок ичине жаман ой катпаган, ачык-айрым адам деп мүнөздөдү.

"Мен видеосу тарап жатканын көргөндө ага дароо байланышып, тынчтанууга чакырдым. Алгач нес абалда болду. "Жүрөгүңө жакын алба, сен уят сөз сүйлөгөн жоксуң, жылаңач эмессиң, үй-бүлөдө ар кандай абал болот" деп айтып жаттым. "Бул вайн сыяктуу тартылган деп түшүнүп жатышат" деп да айтып жаттым. Буга карабастан өзү да, эжелери да депрессияга түшүп калышты.

Жазылып жаткан терс пикирлерди токтотуп, аны өзгөртүү үчүн блоггерлерге, коомдук ишмерлерге, аялдардын укугун коргогон уюмдарга кайрылып сурандым. Анын абалын айтып, жеке куржундарына да кат жөнөттүм. 11 саат интернетте отуруп, видеону жайылтпоо аракетин көрдүм. Абалды түшүнгөн адамдар болду. "Үй-бүлөдө аялдын эмоцияга алдырып сүйлөгөн сөзү экен, талкууга алуунун кереги жок" дегендер да чыкты.

Кыргыздын кыздары "ушул жерде тыңып кетели" деп барган жерибизде өзүбүздү жакшы жактан көрсөтүүгө аракет кылабыз. Ырыскүл деле ошондой кыздардын бири болду, турмушка чыгып күйөөсүнүн 2 баласын багып, мал карап, кышкы салаттарды жаап эле кызмат көрсөтүп жүргөн.

Ага чейин оорулуу апасын 10 жыл бакты. Үйдө апасы экөө болчу. Өткөн жылы апасынын көзү өтүп кеткен. Андан кийин турмушка чыккан. Апасынын күйүтү өчө электе бул ага оор сокку болду. Коомчулукту жеке адамдардын видеосун таратууда жана талкууга аларда кылдат болууга чакырам. Мунун кесепети жаман аяктап калышы мүмкүн", - деди ал.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да оюн угуп, жарыялоого даяр.



“Кийим абересиз” деген келин: “Азыр мага дем алуу да оор болуп жатат"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(52)
04.12.2019. 20:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
01-12-2014
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+31
Супер экинчи тараптын оюн укпай эле,жарыялабай эле койсоңор болбойбу?Өчөйүн деп калган өрттү тутантпай.
04.12.2019. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
133
Катталган:
02-03-2018
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:35
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркек аракет кылыш керек! бирок! Аялдар силерда болгонуна шүгүр кылышты үйрөнгүлө!
Bekturbek түзөттү 2019-12-04 20:26:38
04.12.2019. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
512
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
08-04-2020 17:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+11
Азыр тообо дей турган заман телефон деген нерсе чыгып балаа болду. Койнунда жаткан эринен же аялынан деле коркуш керек болуп калды. Урушканда балаа басып этияттап урушуш керек экен. Мындай нерселер жин келгенде аялдан деле эркектен деле чыгатда.Чыгарбай эле койсо болмок.Уялбай эле кой интимный нерсе жокбу болдуда.
04.12.2019. 20:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1010
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
19-03-2020 02:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
+15
Аттиң ай, кызды коргоочу бир тууганы болбосо ушул да... Намыска жараган, коргоп алчуу бир эркек тууганы болгондо чардайып жатып алып видиону таратыш эмес, тартканга да духу жетмек эмес катын поздун.
04.12.2019. 21:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
754
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:30
Жынысы:
Белгисиз
+12
эмнеси болсо да бул аялга ынсап берсин эгер куйоосу ошол нерсени тараткан болсо ал эркектин ишин кылбаптыр 21 кылымдын адамдары оздорун ото акылдуу жана заманбап сезет бирок мурунку ата-бабаларыбыздай ыйман ынсап жок менин апам 1966 жылкы атама турмушка чыкканда атамын эч нерсеси жок жетим бала болгон апам болсо колунда бар уйбулонун кызы болгон колунда мед диплому да болгон бирок атамын баардык шарттарына чыдап турмушка чыккан мына азыр жашообуз Аллага шугур азыркыларга айтоорум сабр керек
04.12.2019. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
754
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
murat17,1994 жылкы ачаарчылык кимдин эсинде болсо менмин деген уйбулолор дагы жок дегенде 2-3 кун ачка болгон ал убакта кайдагы той кайдагы кийим эптеп курса тойсо дейсин азыркы жашоодо ач калуу жок менимче баары даяр кирди дагы колдо жуубайт нанды тандырга жаппайт духовка бар мурункудай 2 пакет продуктаны 2 км жерден которуп келбейт уйдун алдына такси же маршрутка келет деги эмне кыйратып жатат же куйоосунун тошогуно жарап же 1-2ни тороп койсо ошолбу кыйратканы илгеркилерге данк кеми 7ниторогон
05.12.2019. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
25-03-2020 10:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
murat17,Башынан алып бериш керек аялга баарын,камсыздап.Сабыр кылып тушунгон аялзатты буга боло берет эч нерсе алып бербей калышат кийин.Аял заты корктуу,гулдой болуп жургонго татыктуу.Сен туалет казып иштесен да,аялын ханышадай болсун.
05.12.2019. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
25-03-2020 10:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
murat17,эгер тескеринче атан бар уйбулонун уулу болуп,дипломдуу болсо,а апан жакыр эчнерсеси жок болсо,анда апан омур бою басынып отмок,кайын энеси уулума татыксызсын,кедейдин кызысын,дипломун да жок дей берип.
meni_kut түзөттү 2019-12-05 12:12:45
05.12.2019. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
754
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
meni_kut,эми ал тушунук сага окшогон кыска ойлорго тийиштуу сага соз жок сендей кыска ойлордун айынан уйбулолор ажырап жатат
05.12.2019. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
754
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:30
Жынысы:
Белгисиз
-2
meni_kut, ошол аял эгер жакшы болсо куйоосуно унун катуу чыгарбай жакшына эле айтса болот да койнок кийими бар экен обезательно тойго жаны койнок кийип барыш керекби мен айтып жатамго 21кылымдын 80 пайызы сага окшогон тарбиясыз мурунку замандын аялдардын таманына дагы тен келбейсинер турмушка чыкканга чейин жалжандап корунгон эркектер менен журосунор 80 пайызын кыз дагы болуп тийбей калды тундо куйоосу менен жатканда дагы башкасын элестетип жатса керек дагы Ханыша эмиш ошого татыктуу болгула
04.12.2019. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
08-04-2020 16:59
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кетсем да кийим алдырып алып кетейин дептир да. Шаар коргон эчки.
04.12.2019. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
513
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
07-04-2020 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ырысгүл эч депрецияга түшпөй эле койсо болот. Мен видеону алгач көргөндө эле күйөөсүн күнөөлөгөм. Айткан сөздөрү туру негизи. Ар бир үйбүлөдө болуп келген маселе. Ушунчалык ачуусу келип турса да күйөөсүн сиз деп сүйлөгөнү жакты. Мага эмнеге Ырысгүлдөй аял туш болбоду экен.
04.12.2019. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
333
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
07-04-2020 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+5
Ии байкуш эжеге жаман болуптур. Куйоосу акмак экен
04.12.2019. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
07-04-2020 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага ал видеону ватцапта Екатеринбургдан жибериптир.Россияга да тарап кетиптирго.Куйоосу лох экен баарына жайган.Уй-булодогу нерсе сыртка чыкпашы керек.Жакшы ажырашып кетиптир.Тупой экен эри телефонго тартыып шылдындап жатат.Ичпейм,жебейм,кийинбейм деген служанка керекго эрине.
05.12.2019. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
29-07-2019
Соӊку аракети:
08-04-2020 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
JaneEr,Москвадабыз биз да кордук.Келинге боорум ооруду:((
04.12.2019. 22:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-08-2019
Соӊку аракети:
04-12-2019 22:02
Жынысы:
Белгисиз
+6
Неге уяласыз сойкулук кылган жоксууз ери жок енесинин уйунон бозуп тороп койгондор уялсын ак никелуу эриниз ойношунуз емес
04.12.2019. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
370
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
07-04-2020 01:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+10
Биз еркектер уйлонушувуз керек Бирок уйлонгондон сон Аялды кийиндириш жедириш биздин мойнубузда Болот.Бул Киши вапше сабатсызго динденда Даже .Ыйык китебибиз КУРАНИ КАРИМДЕ да айтылган эркектин аялга кылган укуктары.Варше Аял иштешке мумкун емес даже А биздечи наоборот все Уялышыбыз керек
04.12.2019. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
31-10-2016
Соӊку аракети:
08-04-2020 19:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+5
Жөн эле прикол кылып видеого тартканбыз деп бет тырмачылык кылса деле болмок,эл ишенет эле да ишенбей каяка барат эле...
04.12.2019. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
08-04-2020 17:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5
Саламатсыздарбы Кыргыз калкым?Биринчиден: Бул тарап жаткан видеону ар-бириңиздер башкага жөнөтпөй өчүрүүңүздөрдү суранам. Экинчиден: Блоггерлер сиздерден сураныч Социалдык тармактардагы жеке каналыңыздардан бул видеону өчүрүүңүздөрдү суранам. Кыргызды кыргыз уят кылып жатат дүйнө элине. Рахмат.
Firdaus-Muslim түзөттү 2019-12-05 00:08:40
05.12.2019. 00:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
301
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:43
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушундай кайнеже, эжелерине арызданып, видеого тартып алып жөнөткөн эркек да эркекпи. Катынына бир көйнөк алпере албаган озу уялыш керек. Чмо
05.12.2019. 04:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
02-12-2010
Соӊку аракети:
08-04-2020 20:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+4
Куйоосуно мин наалат
05.12.2019. 04:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
08-04-2020 23:48
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kim bilet~kuyoosu videogo tartip satip akcha kilgandir~akmak adam eken~tuura ele aytiptir kelin~kiyim kerek ~ozu bilip alip berbese~jash jakshinakai jelin eken~oshogo jetkirgen kuyoosu~~
05.12.2019. 04:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
01-07-2013
Соӊку аракети:
08-04-2020 17:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+2
Кийим алып берес десе не болуптур, үйлөнүп атканда убада берсе керек.
05.12.2019. 05:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
07-04-2020 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырысгүл кыжаалат болбо,мындай сүйлөшүү мындай нерселер үй бүлөөдө боло берет.Сен жаман иш кылган жоксун бир нерсе уурдабадың,музейдекидей чечинбедиң.Тупай көт эриң эркек эмес экен ким болсо да,эриңе ажырашып кеткен бүткүл Кыргыз элинен КАРГЫШ болуп жатат ал көпкө барбайт.Ырысгүлдүн адресин кайдан алсам болот мына мен бир сыйра сарпай АЛЫПБЕРЕМ чын көңүлдөн.
05.12.2019. 06:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
20-06-2011
Соӊку аракети:
08-04-2020 15:39
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чогуу жашагандан кийин ар нерсе болот да. Үйдөгү сыртка тартып чыксак кино болот ко
05.12.2019. 09:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
25-03-2020 19:12
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен бул кызды озбек кыз окшойт, озбекче аралаштырып суйлоп жатат деген элем, кыргыз эле экен го. Озбектер кобунесе куйоолорун ушинтип алып бересин дей беришет да, ал каяктан акча табат, таппайт кызыктырбайт. Озбек алсан ушундай болот, рас болуптур дедим эле.
05.12.2019. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
754
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:30
Жынысы:
Белгисиз
-3
nazira...,кыргызда деле тушунугу жоктор барда
05.12.2019. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
26-08-2012
Соӊку аракети:
08-04-2020 19:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Астындагы 3 суроттогу кыз ким, тушунбой калдым
05.12.2019. 09:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
31-03-2020 14:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
" Жетинчи асман"
+1
Эми кийим учун жанжал кылбай эле койгон туураго итак да ушул кыска жашоодо мумкун куйоосунун да шарты болбой калгандыр бироонун жашоосун билип болбойт, жашоодо ар кандай нерселер болот, бири бирибиздин конулубузду оорутпайлы.
05.12.2019. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
754
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
09-04-2020 02:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Rakyl12,эн туура
05.12.2019. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
07-04-2020 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куйоосун мен келиндин агасы болгондо токмоктоп кетмекмин барып.
05.12.2019. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
08-04-2020 16:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдык, оздук ой жок , кимди коргозуп жамандап чыкса - жамандай беребиз , актап чыкса актай беребиз .
05.12.2019. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-07-2019
Соӊку аракети:
08-04-2020 22:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен ойлогом атайын тартышканго деп.Эч ойлонбонуз элдер озун пиар кылыш учун мындан жаман нерселерди чыгарып жатышат
05.12.2019. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
24-03-2020 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйоосу тарбиясы, акылы , адамдык касиети томон бир абдан жаман адам экен да озу. Балдарын карап атса жакшына карап, сыйлап алса болчу экен. Дагы ал куйоо соройго кайсы шордуу тие калды экен . Дегинкиси, жакшы эмес куйоо экен.
05.12.2019. 18:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
08-04-2020 23:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырыңдын чеги ачууң келгенде билинет! Дегеним канчалык ачууң келсе да, өзүңдү карман. Ошондо эч ким сени менен иш албайт.
05.12.2019. 20:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
30-08-2017
Соӊку аракети:
14-01-2020 21:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунду карап сыйлап, жакшына кийинип жургонго не жетсин...
Super TV
18.12.2019. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
19-02-2020 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ordoluu Osh
0
Шарты болсо алыпберетеледа азыркы учурда сабыр деген жоголуп кетти
Super TV
18.12.2019. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
19-02-2020 12:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ordoluu Osh
0
Ынтымактуу болгулачы кагылайын алтындарым
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140906;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: