super.kg logo

"Урматтуу айдоочу, балдар жол кырсыгына көп кабылып жатат!". Бишкекте 4-класстын окуучулары айдоочуларга кат жазды

 

Кечээ, 25-ноябрда "Балалыктын коопсуз жолу" аталышындагы акциянын алкагында борбордогу мектептерде окуган 4-класстын окуучулары айдоочуларга кат жазды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп бул акцияга Бишкектеги №12 гимназия-мектебинин окуучулары катышты.

"Катта окуучулар айдоочуларга унаа айдап бара жатканда жолго көңүл буруусун, жөө адамдар өтүүчү жерден адамдарга жол бошотуп, жол эрежелерин сактоону суранышкан. Мындай акциялар чоңдор үчун дагы, балдар үчүн дагы абдан маанилүү. Баланын жол эрежесин сактоону суранган катын алган айдоочу, ага карата кайдыгер калбаса керек. Ал эми балдар дагы өз кезегинде жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үйрөнүп жатышат. Эң негизгиси балдар айдоочуларга жазган каттарында акыркы кезде көп катталып жаткан жол кырсыктарына тынчсызданып жатышкандарын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Төмөндө айдоочуларга жазылган каттардын айрымдарын жарыяладык:

"Урматтуу айдоочу! Жол кыймылынын эрежелерин сактагыла. Эгер айдоочулар дагы, жөө жүрүүчүлөр дагы эрежени сактаса, жол кырсыктары болмок эмес. Унааны башкарып бара жатканда, кол телефон менен сүйлөшпөгүлө. Дөнгөлөктөрүңөрдү сөзсүз түрдө кышкысына алмаштыргыла. Жүргүнчүлөргө орой мамиле жасабагыла, анткени орой сөзгө орой жооп аласыңар. Жашоо бирөө эле. Өзүңөрдүн жана башкалардын өмүрүн сактай жүрөлү", - деп жазылат Амина аттуу кыздын катында.

"Силерден жол чыракты карап, адамдарды өткөрүүнү суранам. Эки жакты дагы карап койгула. Азыр аябай жол кырсыктары көп болуп жатат. Алар чоңдорду жана балдарды уруп кетип жатат. Анан дагы бир сураныч, коомдук унаанын салонуна көп адам салбагылачы. Анткени биз кире албай же тескеринче ал жактан чыга албай калып жатабыз", - дейт Таалай аттуу окуучу.

Маалым болгондой, акциянын алкагында айдоочуларга 40тан ашык окуучудан кат жөнөтүлгөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан бул каттар айдоочуларга бериле турганын белгилешти.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137545;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: