super.kg logo

Таш-Көмүр шаарында окуучу кыздар мектептин коридорунда жаңжалдаша кетишкен

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында окуучу кыздар мушташа кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

"3-ноябрь күнү Таш-Көмүр шаарынын тургуну С. С. шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арыздануучу №1 Н.Островский атындагы орто мектебинде билим алып жаткан 2004-жылы туулган Т. А. аттуу кызын ошол мектепте окуган Адэля деген кыз чачынан тартып, жерге сүйрөп, уруп койгонун айткан. Окуя 29-октябрь күнү саат 11:00 чамасында мектептин коридорунда орун алган. Арыз ээси Адэляга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган арыз боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-класстын окуучусу Т. А. мектептеги нөөмөттө туруп, 11-класстын кыздарынын кемчиликтерин жазып кеткен жана андан кийин Адэля менен мектептин коридорунда жолугуп сөз талашып уруша кеткендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылууда", - деди маалымат кызматынан.

18-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылындагы №10 Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары пикир келишпестиктен улам жаңжалдашып, мушташышкан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
22.11.2019. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
267
Катталган:
02-07-2015
Соӊку аракети:
24-02-2020 20:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
UFCнин болочок жылдыздары биздин Жалалабаттык карындаштар болот окшойт
22.11.2019. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
396
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
+1
Уйлонуп албагыла анан
22.11.2019. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1021
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
24-02-2020 18:19
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне эле болду Аксы менен Таш көмүргө
22.11.2019. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
01-04-2019
Соӊку аракети:
25-02-2020 02:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын кыздары кутурганбы?
23.11.2019. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
672
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 00:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул мектептин директорун жумуштан алгыла эки эле кыз чатакташкан экен. Кобуроок болгондо аймактын жетекчисин кызматтан кетирет эленер...
23.11.2019. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
672
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 00:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абад областында эркектер жокпу, же эркектерт вообще мушташпайбы...
23.11.2019. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
06-09-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 01:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур
23.11.2019. 06:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
873
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 00:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы 5 места бошойт экенда
23.11.2019. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
14-01-2020 13:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар эмне болуп баратасынар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137919;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: