super.kg logo
«Жылдын супер саундтреги» (Добуш берүү токтотулган)


47,7% (489)
39,8% (408)
8,5% (87)
Эрмек Маматов & Тамга, «Неге, неге?» («Мурас»)
4% (41)

Жалпы добуш (1025)


  Саясат  

"Азаттык" чуулгандуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялады

 

Кечээ, 21-ноябрь күнү "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялады. Иликтөөнүн алгачкы бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан эле. Резонанс жараткан иликтөөнүн уландысы "Азаттыктан" тышкары, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргыз өлкөсүндөгү өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттиги менен биргеликте жүргүзүлгөнү жазылган.

Иликтөөнүн бул чыгарылышында эң негизги маалымат "Азаттыктын" маалымат булагы Түркияда 10-ноябрь күнү киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити өзү болгону болду.

Ал Хабибулла Абдыкадыр аттуу Кытайда төрөлгөн уйгур ишкердин колунда акча ташыгыч жана Кыргызстандагы, Өзбекстандагы каржы иштерин жөндөөчү болгонун айтып берген. Иликтөөдө Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ысымдары да кошулган. Айтмакчы, Хабибулла Абдыкадырдын Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүүдөгү аземге келген сүрөтү учурда талкууга түштү. Кытайлык ишкер президенттин бир тууганы, Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповдун жанында отурган.

Президенттик аппарат тарабынан азырынча бул иликтөөгө карата жооп боло элек.

Айэркен Саймаити "Азаттыкка" берген сүрөттө Хабибулла Абдыкадыр оңдон биринчи деп көрсөтүлгөн.
Ошол эле Хабибулла Абдыкадыр Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүүдөгү аземде. Жанында отурган президенттин бир тууганы Жусупбек Шарипов.





 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134978;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: