super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы» (Добуш берүү токтотулган)


Самара Каримова
24,2% (332)
Чолпон Талипбек
18,6% (256)
Айя Садырова
13,7% (188)
Сайкал Садыбакасова
12,3% (169)
Айжамал Кабылова
11,8% (162)
Айдана Дека
10,2% (140)
Анжелика
8% (110)
Гүлзат Мамытбек
1,2% (17)

Жалпы добуш (1374)


"Форбс" Ксения Собчакты Инстаграмдагы жарнамадан көп киреше тапкан жылдыз деп аныктады. Телеалпаруучу канча киреше табат?

 
Орусиялык "Форбс" журналы Инстаграм баракчасы аркылуу эң көп киреше тапкан блогерлерди аныктады. Алар шоу-бизнес өкүлдөрү болуп чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Форбс" журналы 14 жылдан бери шоу-бизнес өкүлдөрүнүн кирешелерин аныктап, рейтинг түзүп келет. 2019-жылдын эсебинен Инстаграмдагы жарнама аркылуу эң көп киреше тапкан орусиялык телеалпаруучу Ксения Собчак болду. Ал социалдык баракчасына күндө же жумасына бир нече ирет жарнама чыгарат. Анын баракчасынан Диор, Боско кийимдер брендин, Ауди автомаркасын, Белуга спирттик ичимдигин жарнамалаганын көрүүгө болот. Маалыматка ылайык, Ксениянын жылдык кирешеси 1 миллион 600 миң долларга бааланган. 860 миң доллардын айланасындагы киреше менен 2-орунду телеалпаруучу Регина Тодоренко, 3-орунду Ольга Бузова ээледи. Ошондой эле алдыңкы ондукка ырчылар Полина Гагарина, Елена Темникова, продюсер Яна Рудковская, мушкер Хабиб Нурмагомедов кирген. Алар жарнамадан орточо 500 миң доллар табары айтылат.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
135033;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: