super.kg logo

"Өлкөгө Айыл чарба министрлиги керекпи?" Сунуштар менен сын-пикирлерге толгон коомдук угуу "Замандаш" тарабынан өткөрүлдү

 

19-ноябрда акыркы он жылдан бери өлкөдө өтө элек иш-чара уюштурулду. Анда "Замандаш" саясий партиясы "Асессор" аналитикалык бюросу менен биргеликте "Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү" деп аталган коомдук угуу өткөрдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Ага айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев, министрликтин өкүлдөрү, Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Айыл чарба министрлигинин отличниги Өмүрбек Үмөталиев, Бишкек шаарындагы гана эмес, аймактардан да келген фермерлер жана бир катар тиешелүү адамдар катышты. Жалпысынан 4 саатка жакын убакытка созулган коомдук уктурууда бардык тараптарга сөз берилип, өлкөдөгү айыл чарба секторун өнүктүрүү боюнча талаш тартыштар менен коштолду.

Коомдук угуунун башында айыл чарба жана мелиорация министринин орун басарына сөз берилип, ал бул аянтчада аталган мекемеде айтылган сын-пикир, сунуштардын баары эске алынарын билдирди.

"Бул министрлик менен фермерлердин ортосунда пикир алышуу үчүн түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок ойлор конструктивдүү болушу керек. Жалаң гана сын-пикирлерди эмес жасалган иштер жана жаралган маселелердин чечүү жолдору сунушталса жакшы болот", - деген Керималиев министрлик жасаган иштерди тизмектеп өттү.

Андан кийин трибунага "Замандаштын" төрагасы чыгып, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги таптакыр иштебей жатат дегенден алыспыз, бирок бул жетишсиз деген оюн айтты. Анын алкагында, ал министрликтин ишмердүүлүгү боюнча даярдаган презентациясы менен тааныштырды. Анда Айыл чарба министрлигинин акыркы 7 жылда өлкөнүн ички дүң продукциясына кошкон салымы салыштырылып көрсөтүлгөн.

Молдокматов айыл чарба секторунда эң чоң деген 3 маселени - технология менен финансынын тартыштыгын жана сатуунун жоктугун белгилеп, статистикалык маалыматтарга токтолду.

Сөз "Ордо" партиясынын өкүлү Максат Чакиевге берилгенде, ал бул мекеме фермерлерге эч кандай шарт түзгөн жок деген жүйөнү келтирүү менен андай министрликтин кереги жок деген оюн айтты.

"Бул министрликте 5 миң киши иштейт. Жылдык бюджети 1 миллиард 7 миллион сом. Ал эми дыйкандар тер төгүп иштеп, жыйнаган түшүмүн жол четинде майдалап сатып отурат. Эмне кереги бар мындай министрликтин? Кереги жок", - деди ал.

Бул сөзгө министрдин орун басары жооп кайтарып, азыркы тапта мекемеде 600 киши иштей турганын, жылдык бюджети 350 миллион сом экенин белгиледи.

Коомдук угууда түрдүү пикирлер айтылып жатты. Көбү ал жактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бирдиктүү иш алып баруу керектигине токтолушту.

Сөз соңунда Жеңиш Молдокматов анализ жүргүзгөндө эффективдүүлүгү боюнча аталган министрлик жакшы эмес көрсөткүчтө тургандыктан дал ушул тармак коомдук талкууга коюлганын түшүндүрдү.

"Айрымдар бул аракетибизди саясий упай топтоо деп сыпаттап жатышат. Эгер саясий упай топтой турган болсок, биз министрге козголгон кылмыш иштер тууралуу айтып чыкмакпыз. Чынында, биз өлкөнүн локомотиви болгон айыл чарба секторундагы маселелерди министрликтин өкүлдөрү менен фермерлер биргеликте талкуулап, көйгөйлөрдү тизмектеп чыгууга аянтча түзөлү дедик. Бул айтылган маселелердин баарын Жогорку Кеңештеги профилдик комитеттерге жөнөтөбүз. Депутаттар аны карап чыгабыз дешкен. Ал эми коомдук угуулар башка тармактар боюнча да алдыда уланат. Менимче, бүгүнкү коомдук угуу толук кандуу максатына жетти", - деди Жеңиш Молдокматов.

Коомдук угуунун жүрүшү менен толугураак видеоматериалдан көрө аласыз.


кошулду


“Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.11.2019. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
26-02-2020 17:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл озун озу багып келе жатат 30 жылдан бери, министерства, депутаты кереги жок
22.11.2019. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
30-05-2016
Соӊку аракети:
27-02-2020 00:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун жана азаттыктын журналистик иликтоосун коруп алып аябай капа болдум, мындай онугуу менен кетсек Кыргызстан кайда барат билбейм, балык башынан деп, биздин бийлик башчыларыбыз айныган экен да, кыргыздын улуу инсандарынын бири ыраматылык Дооронбек Садырбаев айткандай,кайран гана эл, кайран гана мамлекет, кайран гана мурдуна бок суйколгон кыргыздар,белди бекем бууп чыдагын, озундун зоокур уулдарындан зоокур кыздарындан-билбейм кайда барабыз
22.11.2019. 19:47 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
31-10-2019
Соӊку аракети:
24-01-2020 01:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал министирлик куйуучу май бизнес баштайт,Эл болсо баягы эле алданып отура беребиз
23.11.2019. 07:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
14-02-2020 14:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке мен учун керек эмес эмне жумуш кылып койушуптур 1копейка пайдасы жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
138042;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: