20-ноябрдан баштап өлкөдө туруксуз аба ырайы орун алып, абанын температурасы кескин төмөндөйт
20-ноябрдан баштап өлкөдө туруксуз аба ырайы орун алып, абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.
20-ноябрда жана 21-24-ноябрда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми 20-21-ноябрда айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°. Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9° болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга эскертет:
- Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Гидрометереология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматты эске алууну;
- тоолуу унаа жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
- унааларды кышкы даярдыкка өткөрүүнү (дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштыруу);
- аптечка, чынжыр, күрөк алып алыңыз.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун жаратат.
