Эки аптанын ичинде 4 аскер адамы каза болду. Башкы прокуратура бул фактылар иликтенип жатканын билдирди
Акыркы эки аптада 4 аскер кызматкери каза болду. Тактап айтканда, алардын экөө өз жанын кыйганы айтылса дагы экөөнүн өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүүдө.
4-ноябрь күнү ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин жоокери каза болгону айтылган. Өлүмдүн болжолдуу себептери айтылган эмес.
Эртеси, 5-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында ошол эле департаментте 19 жаштагы жоокер жанындагыларга "өзүмдү жаман сезип жатам" деп айтып, андан соң каза болгон. Маркум Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну болгон. Ал аскерге ушул жылдын май айында келген. Эки жоокерге тең соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда жыйынтыгы чыга элек.
Ал эми 10-ноябрь күнү эртең менен Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүмдө иштеген офицер асынып алганын Башкы Штабдын маалымат кызматынан билдирген.
17-ноябрь күнү Ош шаарындагы №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеген аскер кызматкеринин жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Ал аскер бөлүккө 2015-жылы келишимдик негизде жумушка кирген.
Башкы прокуратура эки жоокердин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтеп жатканын айтты.
"Кой-Таштагы офицердин өлүмүн Аламүдун РИИБи, ал эми Оштогу аскер кызматкеринин өлүмүн Кара-Суу РИИБи карап жатат. Себеби окуя кызматтан тышкаркы убакта болгондуктан ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. Бардык тийиштүү экспертизалар да дайындалды", - деди прокуратурадан.
Бир айдын ичинде 5 аскер адамы каза болду







1 |