super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Асфальт кечигип жатат". Бишкектеги Күрөңкеев көчөсүнүн курулушу качан бүтөт?

 

SUPER.KG порталына "Эки жылда курулуп бүтпөгөн 2 чакырым жолдун чуусу" деп аталган видеорепортаждын чыкканынан бери 2 жарым ай өттү. Анда Бишкек шаарынын Күрөңкеев көчөсүнүн жашоочулары "жолдор казылып, чаң бойдон жатат, жумуш айлап токтоп калган учурлар бар" дешкен. Жолдун курулушуна тапшырык берген "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын ошол кездеги жетекчиси, азыркы вице-мэр Мирлан Амантуров "Асфальт төшөлсө эле жумуш бүтөт" деген жоопту берген. Андан бери бул жолду куруу иштеринде эмне өзгөрдү?

Абдырахманов көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин асфальт төшөлүп бүттү. Бул болжол менен 400 метрге жакын аралыкты түзөт. Ал эми Эркиндиктен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгында андай эмес. Кечээ анын Орозбековго чейинки бир бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Биз бүгүн, 16-ноябрда кайрадан аталган көчөгө бардык. Эртең менен саат 9да 3-4 жумушчу объектиде жүрүшүптүр, жумушту саат ондо баштайбыз деген жообун узатышты. Саат он болуп, жумуш башталган жок. Муну ал жактагылар заводдон асфальт келбей жатат деп түшүндүрүштү. Эки жарым ай мурун деле ушул маселе айтылган болчу.

Күрөңкеев көчөсүн курууга тендерден “Чу прокси” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом утуп алган. Бүгүн биз аталган фирманын жумушчулар тобунун башчысынын милдетин аткаруучу Мирбек Темирбековго бир катар суроолорду узаттык.

"Биринчи приоритетте Эркиндиктен тартып Тоголок Молдо көчөсүнө чейин асфальт төшөө иштери турат. Адегенде асфальттын биринчи катмары 4 сантиметр калыңдыкта төшөлөт. Экинчи катмар да төрт сантиметр болуп, жалпы 8 сантиметрге жетет. Негизи асфальт төшөө бат эле бүтчү жумуш, көп убакытты жолду ага даярдоо иштери алат. Биз бул иштерди ноябрдын аягына чейин аяктайлы деп аракет көрүп жатабыз. Ал эми тротуарлар боюнча кеңдиги боюнча 2 метр болуп, 12 сантиметр калыңдыктагы топурак-шагылдын үстүнө 3 сантиметр асфальт төшөлөт. Аны ушул жылдын аягына чейин үлгүрүүгө аракет кылабыз, аба ырайы өтө суук болуп кетсе кийинки жылга калат", - деди Темирбеков.

Күрөңкеевдин жашоочулары болсо бул жол 2017-жылы эле салынып бүтүшү керек болчу деп билдиришкен. Бүгүн да, эки жарым ай мурун да асфальттын жоктугу айтылгандыктан, биз жумушту аткарып жаткан “Чу прокси” ишканасынын башчысы Мирлан Исраиловго байланыштык. Маалымат боюнча жол курган фирмалардын өздөрүндө асфальт даярдаган заводдору иштейт. Ал заводдогу маселе чечилип, асфальт дарекке жөнөтүлгөнүн кабарлады. Техника менен иштөөдө мындай мүчүлүштүктөр болуп турарын да кошумчалады.

“Биз жолдо жайгашып калган бир эле мамыны алдыруу үчун бир айлап күтүп калган учурлар болду. Дарбазасы жолго чейин чыгып кеткен үй ээлери бар, алар менен соттошуу да көп убакытты алат. Кечигүү тууралуу сөз кылганда ушул жагдайларды да эске алуу керек. Мисалы, байланыш өтүүчү зымдар кеткен мамыларды, бир бакты алуу да тиешелүү тараптар менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жүргүзүлөт. Мунун баары убакытты алат. Мен эртерээк бүтүп, эксплуатацияга берсек экен деп Кудайдан да тилеп жүрөм”, - деди ал.

Бул эми жумушту аткарган гана тараптын жооптору болду. SUPER KG порталы бул темага кайрылып келип, жолду курууга тапшырык берген "Бишкек асфальт сервистен", тендерди көзөмөл кылган тараптардан жоопторду алат. Мындан тышкары, 8 сантиметр калыңдыктагы асфальт чын эле нормага жооп береби, азыркы аба ырайында асфальт төшөө анын сапатына таасир бербейби деген суроолордун да жообун издейт.



"Асфальт кечигип жатат". Бишкектеги Күрөңкеев көчөсүнүн курулушу качан бүтөт?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134796;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: