super.kg logo
«Жылдын супер балбаны»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй! Легендарлуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү

 

Бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Улуттук филармонияда СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Сөзгө чыккан өлкө башчы Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз элинин улуу сүрөтчүсү, мыкты кино актёру, сыймыгы экенин белгиледи. «Журтубуздан мындай залкар таланттын чыкканы бизге сыймык тартуулайт. Анын өмүр жолу, кылган эмгеги элибиздин тарыхында урмат-сый менен өзгөчө бийик орунду ээлеп калат», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент кинематографиядагы «кыргыз керемети» менен кыргыз сүрөт өнөрүндөгү жетишкендиктерди Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароо мүмкүн эмес экенин өзгөчө белгиледи. Ал кайталангыс кино актёрдук таланты менен бүткүл дүйнөгө өзүн гана эмес, эркиндикти сүйгөн жалпы кыргыз элин жана анын жашоосун, маданиятын таанытып, суктантканын баса белгиледи. «Сүймөнкул агабыз залкар талант гана эмес, абийири бийик, адамгерчилиги терең инсан, мекенчил адам, чыныгы кыргыз уулунун символу, улуттук намыстын бийик үлгүсү болуп калды», - деди өз сөзүндө Президент. Мамлекет башчысы кыргыз эли, кыргыз жери дагы ушундай таланттарды жаратарына үмүт кыларын айтып, улуттук кинематография ишмерлерин келе жаткан кесиптик майрамы - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. «Сиздердин кыргыз маданиятына сиңирген эмгегиңерге таазим этебиз. Бар болуңуздар! Сиздердин артыңыздардан таланттуу киночулардын жаш мууну өсүп келе жатат. Ар кандай эл аралык фестивалдарда жеңишке жетишип, элибиздин ыраазылыгына ээ болуп жатышат. Кино чөйрөсүндө Сүймөнкул Чокморовдой залкар таланттар дагы жаралат деп үмүт кылабыз», - деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы. Иш-чаранын алкагында театрлаштырылган пролог, Сүймөнкул Чокморовдун жашоосу жана чыгармачылык жолу тууралуу даректүү тасма, ошондой эле концерттик программа тартууланды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134796;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: