super.kg logo
«Жылдын супер балбаны» (Добуш берүү токтотулган)


Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү)
93,6% (1105)
Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү)
2,5% (29)
Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү)
1,2% (14)
Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү)
0,9% (11)
Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү)
0,9% (11)
Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү)
0,6% (7)
Мурат Романов (грек-рим күрөшү)
0,3% (4)

Жалпы добуш (1181)


Казакстанда Кыргыз жараны айдап бараткан автобус кырсыкка кабылган, анда жабыр тарткандардын абалы тууралуу айтылды

 

Өткөн жуманын 11-ноябрында Казакстандын Караганда облусунда Кыргыз жараны айдап бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышкан.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы автобустун айдоочусу Алматы шаарына бара жаткан. Салондо 15 жүргүнчү болгон.

"Ошол күнү жол тайгак болгондуктан, айдоочу рулду башкара албай калган. Ал алдыда кетип бара жаткан Вольво үлгүсүндөгү унаанын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 8 киши жабыркаган. Алардын экөө Кыргыз жарандары болгон. Жабыркагандар ооруканага жаткырылды", - деп айтылган маалыматта.

Кечээ, 14-ноябрда жол кырсыгында жабыркагандардын абалы тууралуу казак басылмалары аймактык ден соолукту кароо башкармалыгына таянып жазышты.

"Жол кырсыгында жабыркагандардын арасынан экөөнүн абалы оор. Алар Тажик жарандары, жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Бирөөнө операция жасалды. Бир Кыргыз жараны хирургиялык бөлүмдө, абалы орточо. Анын мекендеши 454-аскердик госпиталга которулду. Калган жабырлануучулар жашаган жери боюнча дарыланууга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
135052;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: