super.kg logo
«Жылдын супер саундтреги» (Добуш берүү токтотулган)


47,7% (489)
39,8% (408)
8,5% (87)
Эрмек Маматов & Тамга, «Неге, неге?» («Мурас»)
4% (41)

Жалпы добуш (1025)


Инстаграмда "жакты" белгисинин саны көрүнбөй калды. Шоу-бизнес өкүлдөрү эмне дейт?

 

Популярдуу социалдык тармактардын бири Инстаграм "жакты" белгисинин санын жашырууну бардык өлкөлөрдө баштады. Эми дүйнөдөгү миңдеген колдонуучулар бүгүнтөн баштап "лайктардын" санын көрө албай тургандыгы аталган тиркеменин расмий баракчасына жарыяланды.

"Инстаграмдын тесттик режимдеги функциясы бардык өлкөлөрдө иштеп баштады. Эгерде мобилдик тиркеме жаңыланса, анда башкалардын баракчасындагы сүрөт жана видеого коюлган "жакты" белгисинин саны көрүнбөйт", - деп жазылат билдирүүдө.

Тесттик режимдеги программа Кыргыз өлкөсүнө да жетти. Ырчы Дайыр Исмадияров "жакты" белгисинин саны көрүнбөй калганын бүгүн, 15-ноябрда таңкы саат 04:00 чамасында байкаган.

"Инстаграмдын тесттик режимдеги функциясы тууралуу май айында уккам. Бүгүн таңга маал "жакты" белгилери жашыруун болуп калыптыр. Менимче, "жакты" белгиси верификациясы бар колдонуучулардан башталды окшойт. Анткени мен мобилдик тиркемени жаңылаган эмесмин. Айрым тааныштарым дагы деле "лайктардын" санын көрүп жатканын айтышты".

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы тесттик режимдеги программа анча жакпаганын билдирип, буларга токтолду.

"Бул тесттик режимдеги программанын жакшы жагы - баарыбыз тең болуп калдык. Эми "мунун катталуучусу аз болсо да "жакты" белгиси көп, тигинин катталуучусу көп болгону менен "лайкы" аз" деген сөздөр токтойт.
Бирок ошол статистиканы көрүп жарнама беришчү. Активдүүлүктү байкоонун негизги көрсөткүчү болчу да. Мындан ары Инстаграмга жарыяланган билдирүүнүн алдына жазылган комментарийлерге көңүл бурулат окшойт".

Ырчы Бегимай Карабаева "лайктардын" саны жашыруун болуп калганы айрымдардын маселесин азайтты дейт.

"Мен үчүн "жакты" белгилеринин жашыруун же ачык болгону маанилүү эмес. Эң негизгиси "лайк" үчүн "ооруган" досторумдун маселеси азайды. Катталуучусу көп досторумдун, тааныштарымдын арасында "жакты" белгиси үчүн убакыт коротуп сүрөт жасагандары бар. Анан дагы ал сүрөттү Инстаграмга жайгаштырсамбы же жайгаштырбай эле койсомбу деп көп ойлонушчу. "Жүрөкчөнүн" саны жашыруун болгону жакшы болду".

Ал эми алып баруучу, тамада Максат Надырбеков "лайктардын" жашыруун болгонун айтып, видеокайрылуу жасады. Видеодон алып баруучунун мындан ары "жакты" белгилери таптакыр эле жок болот деп кайгырганын көрүүгө болот.

"Мындан ары "жакты" белгилери жашыруун болуп калат экен, айла жок. Кайгы болду баарына", - деп тамаша аралаш жооп берди.

Инстаграм "жакты" белгисин жашыруу алдында турганы апрель айында белгилүү болгон. Мобилдик тиркеменин эксперттери социалдык тармак колдонуучулардын "лайктардын" санына эмес, билдирүүнүн мазмунуна көңүл бурдурууну каалап жатканын билдирген.

Июнь айында бул функцияны тестирлөө Ирландия, Италия, Япония, Бразилия, АКШ жана башка өлкөлөрдө башталган. "Жакты" белгиси сырттагыларга көрүнбөгөнү менен, өзүнө көрүнүп турары маалым.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
15.11.2019. 16:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
08-03-2015
Соӊку аракети:
12-12-2019 10:48
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ажап болуптур да, ушул "лайк" үчүн акыркы күндөрү адамдар өздөрүн "адам" экенин унута баштаган эле. Эми канча подписчиги бар экенин да көрүнбөй турган кылып койсо, дээгеле инстаграммды жок болуп кетсе деле ыраазы элем.
15.11.2019. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
11-12-2019 22:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Лайк коп болсо ,же аз болсо эмне бир муйуз чыгабы жылдыздарга
15.11.2019. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
12-12-2019 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоба
15.11.2019. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
430
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
12-12-2019 07:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+4
Айрыкча денеси менен мактанган кыздарга жаман болот экен да,ошол лайк учун канча кыздар ачык денесин коргозушту.
15.11.2019. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
916
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
12-12-2019 01:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Лайк жоголгон жоооок турат го.
16.11.2019. 02:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
436
Катталган:
12-06-2010
Соӊку аракети:
12-12-2019 09:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Инстаграм сто грамм мага баары бир андан коро балдарымдын жытын жыттап кечекидей стадионго барып Кыргыз элимдин футболчуларын колдоп кыйкырып бугумду чыгарганым жакшы. Туурабы Тургунбек.булардай болуп тел чукулап деградация болбой.
16.11.2019. 10:01 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-10-2019
Соӊку аракети:
11-12-2019 18:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерге эле жаман болду эми...кайгыңарды тең бөлүшөм.
16.11.2019. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
25-11-2017
Соӊку аракети:
12-12-2019 11:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакты дегени корунбой калганы аябай жакты да...
16.11.2019. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
03-05-2016
Соӊку аракети:
11-12-2019 20:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр берсин инстаграм жылдыздарына.
Дайыр да таңкы төрткө чейин лайк эсептебей калат
17.11.2019. 00:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
09-10-2017
Соӊку аракети:
11-12-2019 21:48
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нурзат Токтосунованын иниси Максат эмне эле ыйлактайсын ээ. Ажап болуптур. Эмне сага эл коп лайк басчу беле? Адамдын чычкысын келтире бербечи ээ пацан.
17.11.2019. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
381
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
12-12-2019 10:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убакта лайк деп эле безилдешти эле жакшы болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134910;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: