super.kg logo
«Жылдын супер актёру»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Жарандык активист Гүлжигит Исаков: "Тажик тарап кыргыз элин тоготпой жатат"

 

Бүгүн, 13-ноябрда 24.kg агенттигинде "Мамлекеттүүлүк чек арадан башталат" аталышындагы пресс-конференция өттү.
Жыйынга Баткен жана Лейлек райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, жарандык активисттер катышты. Жыйында чечилбей жаткан чек ара маселеси, негизги маселелер тууралуу айтылды.

Бул жыйын провокациялуу жыйын болуп калбайбы? деген суроого активист Гүлжигит Исаков төмөнкүдөй жооп берди.

"Баткенде болобу, башка жакта болобу эки өлкөнүн чек ара маселесин чечкенин чагылдырган сүрөттөр жарыяланып жатат. Бирок ат тезеги кургай электе эле чек арада окуялар чыгып кетүүдө. Лейлек деген жазуу алынгандан кийин Тажикстандын тосоту бери жылдырылып, ал жерге контейнер коюлду. Булардын баары фактылар, болгон окуялар. Аны чек ара кызматында отургандар түз президентке айта албаса, УКМК, ИИМ дагы тикелей бийликке билдире албаса, азыр оппозиция жок болсо, баарын эле саясатка байлай берүүнүн эч кандай кажети жок.

Анткени бүгүнкү күндө корко берип, толук жерибизден ажырап калганы турабыз. Азыр президент Сооронбай Шарипович башкы буйрук берүүчү болгондон кийин, баары анын колунда. Ошондуктан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун бетине түкүргөндөй эле болуп жатат. Анткени жакшынакай сүйлөшүп, кол берип, жылмайганы башка, кылган иши башка болуп жатат. Бул нерсени биздин өлкө башчыны, кыргыз элин сыйлабагандык катары бааласа болот. Биз президентти аягына чейин колдойбуз, эгер улуттук кызыкчылыкты өлкө башчыбыз коргоп берсе", - деди Исаков.



“Бошоң саясаттын айынан чек арадагы көйгөй кайталанып келет”

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
13.11.2019. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
09-12-2019 15:07
Жынысы:
Белгисиз
-7
Президент кечээ МИДдин 75 жылдыгында оз созундо айтты чек ара маселесин биринчи кезеке койуп аракет кылып чечем деп жөн эле чыйылдай бербей факты менен далилдебейсинби эгер сен айткандай болгондо сос тармактарда жарыяланмак
13.11.2019. 15:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
291
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:29
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чек ара маселесин чечүү азыркы учурдун талабы болуп жатат. Жакында эле президентибиз чек ара маселсин өзү киришип чечерин билдирди.
13.11.2019. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
24-07-2019
Соӊку аракети:
09-12-2019 16:47
Жынысы:
Белгисиз
+8
Jaznura,аа билдирдиби ээ?Эми качан чечет болду экен ыя?Билдиргенден кийин эле канча атышуу болду?Соз жок да силерге.
13.11.2019. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 16:46
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин бийлик алсыз колдорунан чечкиндуу эч нерсе келбейт Ошону тажиктер билип каалаганын кылып жатышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134745;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: