Мугалимдер менен журналисттерге Турдакун Усубалиев атындагы сыйлык тапшырыла баштайт



2020-жылдан баштап Турдакун Усубалиев атындагы сыйлык ыйгарыла баштайт. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда Усубалиевдин 100 жылдыгын уюштуруу боюнча комитеттин төрагасы Шамшыбек Медетбеков билдирди.
Анда сыйлык Усубалиев кайсы кесиптерди аркаласа, ошол кесип ээлерине тапшырыла турганы айтылды.
"Мааракенин алкагында Усубалиев атындагы сыйлык уюштурулду. Анын жобосун даярдап жатабыз. Бул сыйлык Усубалиев кайсы кесипти аркаласа, ошол кесиптин ээлерине берилет. Анын арасында мугалимдер, журналисттер, мамлекеттик кызматкерлер бар. Сыйлык жылына бир жолу мамлекеттик ишмердин туулган күнүнө карата ыйгарылат. Сыйлыкка лауреаттарды бекитип туруу үчүн абройлуу адамдардан турган комиссия бекитилди", - деди Медетбеков.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев эмгек жолун Кочкор районундагы мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган кийин "Советтик Кыргызстан" гезитинде редактор болгон.


1 |