Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Польшада сынакка катышат

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасы Польшада өтүүчү "Ale Kino!" аттуу эл аралык өспүрүмдөр кинофестивалына катышат. Фестиваль 1-8-декабрь күндөрү Польшада өткөрүлмөкчү. Фестивалдын алкагында, негизги конкурстук программада дүйнө жүзүнөн тандалган 100 чакты толук метраждуу, кыска метраждуу жана жаштар үчүн анимациялык заманбап тасмалар көрсөтүлөт. Германия, Франция, Канада, Австралия, АКШ, Бразилия жана башка өлкөлөрдөн жалпы 20 картина сынга коюлат. Алардын катарында Кыргыз өлкөсүнөн Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы да бар.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:55
2019-12-07

19:30
2019-12-05
14:59
2019-12-05
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.