super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: Дүйнөдөгү көз күйдүргөн карт бойдоктордун бири, актёр Леонардо Ди Каприо 45 жашка чыкты

 

"Оскар" сыйлыгына 4 жолу көрсөтүлүп, 5-жолкусунда гана алган белгилүү америкалык актёр Леонардо Вильгельм Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Бой тартканда Ди Каприо Сидс университетинин алдындагы башталгыч мектептин актёрдук чеберчилик курсунда окуй баштаган. Кийин терең билим алуу үчүн Лос-Анжелеске жөнөйт. Ал жерде окутуучулар өткөн сабактарга гана канааттанып калбай, жандуу публикага чыгуу үчүн "The Mud People" авангарддык группасы менен Лос-Анжелеске гастролго чыккан. Сидс мектебин бүтүргөндөн кийин Лос-Фелиздеги Лео Жон Маршалдын мектебине тапшырып, ал жерде өзүнүн биринчи пьесасын ойногон.

Ди Каприонун карьерасы күндѳн-күнгѳ ѳсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи кино жарык көргөн. Андан соң "Баланын тагдыры" фильминде башкы ролду аткарса, 1993-жылы швед режиссёру Ласс Халстром "Гилберт Грэйпти эмне тынчсыздандырат?" деген фильмине тартылган. Жарым акыл ѳспүрүмдүн ролун жогорку чеберчиликте аткаргандыгы үчүн ал алгачкы жолу "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Ал кезде Леонардо 19 гана жашта болгон.

Ди Каприо "Ромео + Джульетта", "Баскетболчунун күндөлүктөрү", "Титаник", "Кум жээк", "Нью-Йорктун бандалары", "Авиатор", "Каргыш тийгендердин аралы", "Башталыш", "Улуу Гэтсби", "Бошотулган Жанго", "Уолл-стриттен чыккан карышкыр" тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.

2016-жылы февраль айында режиссёр Алехандро Гонсалестин "Аман калган" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Ага чейин 1994-жылы “Гилберт Грейпти эмне тынчсыздандырат?” 2005-жылы “Авиатор”, 2007-жылы “Кандуу алмаз” жана 2014-жылы “Уолл-стриттен чыккан карышкыр” тасмаларындагы ролдору үчүн “Оскарга” талапкер болгон.

Леонардо Ди Каприо жана анын сүйүктүүсү Камила Морроненин өтө жакын мамиледе экендигин папараццичилер тартып алышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, 44 жаштагы актёр 21 жаштагы модель кызга жакын арада баш кошору айтылууда. Түгөйлөрдүн мамилеси жаз айларында башталган.

11-ноябрдын жылнаамасы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.11.2019. 16:26 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
11-10-2019
Соӊку аракети:
30-11-2019 12:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
45 жашта уйлоно элек
11.11.2019. 22:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
916
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 15:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
44жашында көз күйдүргөн бойдок десеңер кычыраган 25 жашында не күйдүргөн бойдок болот????Чал болуп калганда үйлөнөт экен да Лео байке.
12.11.2019. 02:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
10-12-2019 00:48
Жынысы:
Белгисиз
-1
Даанале,кырктагы киши кыз алат,кырктагы кызды Ким алат болот экен да.
12.11.2019. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
09-12-2019 22:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнесине коз куйот тущунбойм. Осурак чалга айланып баратат. Акчасы эле коп болбосо,мындай кырк бештеги бойдоктор кытайда миллиард
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134796;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: