super.kg logo
«Жылдын супер дебюту» (Добуш берүү токтотулган)


Айзада Жамгырчиева
28,3% (400)
Sam Cosmo
27,6% (389)
Айтурган Эрмекова
13,4% (189)
Калыс Жакыпов
9,3% (131)
Төлөгөн Мамыров
8,7% (123)
Марс
8,3% (117)
Назель
2,4% (34)
Шерхан Абкулов
2% (28)

Жалпы добуш (1411)


Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу катышкан жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнү такталды

 

Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болгону маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Нарын облустук Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан каза болгондордун жана жаракат алган адамдын аты-жөнү такталганын билдиришти.

"Кочкор-Балыкчы жолунда Норд Бенз жүк ташуучу унаа менен Субару Импреза үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Жүк ташуучу унааны Балыкчы шаарынын 43 жаштагы тургуну И. М. башкарып келе жаткан. Ал эми жеңил унаа Кочкор районунун Орток айылынын 27 жаштагы тургуну А. уулу Ж. аттуу жарандын башкаруусунда болгон", - деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:

Жеңил унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган А. уулу Ж.;

2000-жылы туулган Ж. уулу К. Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын тургуну (жүргүнчү);

1993-жылы туулган Акжолтой Канатбек уулу жердиги тактала элек (жүргүнчү);

Жашы болжол менен 25-30 чамасындагы аты-жөнү тактала элек жаран.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган А. Ы. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыгы боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.



4 адамдын өмүрүн алган кырсык. Акын Акжолтой Канат уулу каза болду

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.11.2019. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
12-12-2019 10:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалан жаш балдар экен да.
11.11.2019. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
713
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
12-12-2019 09:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
Кандуу жол Кандуу согуштанда жаман кырдыго кыргызды
11.11.2019. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
454
Катталган:
08-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2019 01:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Erik2018,Кытайлар курган жол далай адамдын өмүрүн алгана калды трасса кенен эмес
11.11.2019. 16:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
12-12-2019 01:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келинчеги да бар экен го каза болгондордун арасында. Жаңы эле уйлонуптур да шордуу
11.11.2019. 18:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
591
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
12-12-2019 00:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кочкорго кар жааптыр эле, балким ошондон да тайгаланса керек
11.11.2019. 21:00 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
12-01-2018
Соӊку аракети:
10-12-2019 15:39
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аты-жөнү такталды, деп С.Р, М.Н, А.Л деп койгонуңар кантет? Андан көрө жазбай эле койгулачы!

Негизи жолдорубуз аябай тар, ичке салынган, ошон үчүн авариялардын 80-90 пайызы каршылаш келип калгандан чыгып жатат. Жолду эки жака эки катардан унаа кете турган кылганыңарда, ойлонбой эле обгонго чыга беришмек. Өзү жол 18 метр болуш керек болсо, биздин арстандар 12 метрге кичирейтип, 8 метрин жеп коюшууда. Ал акчаны жегениңер, элди өлтүрүп, канын ичкендей эле болуп жатасыңар.
11.11.2019. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
18-04-2019
Соӊку аракети:
29-11-2019 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдун тардыгынан эмес коп кырсыктар жол эрежелерин сактабагандыктан чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134910;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: