реклама
super.kg logo

ЖЭБ соту: Жабырлануучу тарап болгон "Электр станциялары" жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү суроолорго жооп бере албай, айыпталуучуларды нааразы кылышты

 

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда "Электр станциялар" ишканасынын өкүлү жабырлануучу тарап катары сурак берип, суроолорго жооп берүүдө.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев: "Кабыл алынган келишим качан күчүнө кирген?" деген суроо берди. Жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын көрсөтүп жаткан өкүл ушул жана башка айыпталуучулар берген суроолоруна жооп бере алган жок. Анын: "Суроолорду берсеңер, даярдап келебиз" деген билдирүүсүнө айыпталуучулар жана залда отургандар нааразы болушту. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев мындай билдирүүнү шылдың катары кабыл алганын айтты: "Биз эки жылдан бери отурабыз. Силер келишим качан күчүнө кирген деген суроого 11 айдан бери даярданып жатасыңар. Келишим 2013-жылы түзүлгөн. Жабырлануучу тарап катары биздин күнөөбүздү көрсөтүп, жаттап алгандай деле болушуңар керек эле. Өкүлгө эки коюп, отурумдан чыгарып жибериш керек", - деди Сатыбалдиев.

Мындан кийин Финансы министрлигинен келген өкүл дагы жактоочулардын жана айыпталуучулардын суроолоруна жооп таба алган жок. Буга айыпталуучулар жабырлануучу тарап аларды жөн гана караганы келип жаткандыгын белгилешти.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.11.2019. 12:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
612
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
06-04-2020 23:06
Жынысы:
Белгисиз
-1
Демек иштин баарын аларга билгизбей бутургон жетекчилер.
11.11.2019. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
28-02-2020 17:43
Жынысы:
Белгисиз
-4
силер барабыз, барбайбыз деп, ооруп келбей Сапар жооп бербейм жооп берем деп, эми эле башталса улам бироонор ооруп канча убара кылдынар озунор. 11 айдан бери унутуп деле калды да
11.11.2019. 13:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
26-03-2020 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
УУрулар актана бербегиле мен точно билем что силер 630 долларга кычкач алганынарды жана болунгон 386 млн доллардын 111 млн долларын жеп кеткениниреди
11.11.2019. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
606
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
04-04-2020 11:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖЭБди модеринизациялоо ишинде Сапар менен АШАнын күнөөсү тоодой. Ал экөө Кытайдан алган каражатты бөлүштүргөн. Сапар "Мурас" фондуна акча тартса АША 2 гектарга үй салып алган. Мына ким чыныгы кылмышкер коррупционер экендиги белгилүү.
11.11.2019. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
412
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
07-04-2020 18:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жемкорлор 111 млн долларды тез ордуна алып келип койгула ууру акмактар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: