super.kg logo
«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Италиянын Каммарата шаарынын мэри ал шаарда жашоону каалагандарга акысыз үй таратууну сунуштады

 

Италиянын Каммарата шаарынын мэри аталган шаарга келип жашоону каалагандарга акысыз үй мүлкүн берип, шаардын калкынын санын көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Каммарата шаарында 6 миңге жакын жашоочу бар. Калаа башчысы Винченцо Жамброне шаарды таштап, башка жакка көчүп кеткендерге үй мүлкүн шаарга келип жашоону каалаган адамдарга акысыз өткөрүп берүү сунушун айткан. Ал бул иш-аракеттерди Каммарата шаары жок болуп кетпеш үчүн ишке ашыруу керектигин белгилейт. Жамброне кыймылсыз мүлк ээлерин өз үйлөрүн таштап кетип жатып, алар шаарга тийгизген зыяны тууралуу ойлонбой жатышат деп нааразы болгон.

"Улуу, көп жылдык тарыхы бар шаардын бош болуп, урап калышын көргүм келбейт", - деген ал.

"Учурда шаарга көчүп келүүнү каалаган 1000 адамга үй мүлкүн берүү каралууда. Шаар мэри жакын арада дагы 100 үй шаарга келип жашоону каалагандарга берилерин айткан. Турак жайлар көбүнчө балдары бар жаш үй-бүлөлөргө таратылары белгилүү болгон. Мындан тышкары, жаңы көчүп келген жашоочуларга администрация тарабынан 1 миң евро да берилет. Бирок шаардагы үйгө ээ болуп жашай тургандар адегенде мэрияга 5 миң евро күрөө берип, үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүш керек. Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин акчасы кайра кайтарылып берилет", - деп жазылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.11.2019. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
21-11-2019 19:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда барсамбы бети катырып
08.11.2019. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
28-08-2018
Соӊку аракети:
21-11-2019 16:07
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тенирчилерди жонотуш керек ошерге
08.11.2019. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
27-03-2018
Соӊку аракети:
08-11-2019 13:14
Жынысы:
Белгисиз
-5
Saiit,Кыргызтандагы чала молдолордуда жонотуш керек ошерге чубактыда
08.11.2019. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
22-11-2019 02:36
Жынысы:
Белгисиз
+13
Италия жөнүндө сөз болуп жатса динди аралаштырбагыла туугандар жакшы сөз сүйлөй албасаңар жаман сөз айтпагыла.
08.11.2019. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
416
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
22-11-2019 00:19
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карачы шаар мэри аракетин көрүп жатат шаар жок болбош үчүн. Өзүбүздө мындай адамдар жокко эсе жана мындай шаарда калган үйдү сатып жок кылмак акча жеп калайын деп. Ошол үчүн чет жактын ушундай жанылыгын окусак өзүбүзгө салыштыра беребиз биз болгондо мындай тигиндей деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134025;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: