super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Манасчы Дөөлөт Сыдыков КТРК жетекчилигине каршы митингге чыкты

 

Манасчы Дөөлөт Сыдыков кечээ, 6-ноябрь күнү Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылып, митингге чыкты. Анын айтымында, КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу Манаска каршы жана ал бул кызматта отурууга татыксыз.

"Манас" эпосун кайсы телеканал болбосун жайылтышы керек. Манас атабыз өзүнүн жеринде кор болбошу керек. КТРКнын жетекчиси элге каршы иш алып барууда, Манаска каршы киши ал кыргызга каршы. Бул нерсе эч убакта жакшылыкка алып барбайт. Ошон үчүн үнүбүз тийиштүү жерге жетсин деп чыгып, айтып отурабыз", - дейт Дөөлөт Сыдыков.

Бул боюнча КТРК жетекчилигине кайрылганыбызда аппарат жетекчиси Руслан Асанбек уулу митинг өтүп жаткандыгы тууралуу кабары жок экенин билдирди.

"Биз бул боюнча буга чейин да билдирүү таратып, жооп бергенбиз. Бүгүн алардын митингге чыгышканы боюнча кабарыбыз жок", - деди Руслан Асанбек уулу.

КТРК буга чейин тараткан билдирүүсүндө: "КТРКнын жетекчилиги “Манасты тааныбайт” деген билдирүү негизсиз жана логикага дал келбейт. Себеби 2019-2020-жылдар аралыгында КТРКнын эфирдик торчосунда 6 “Манас тууралуу” дайыма чыгуучу теле жана радио берүүлөр даярдалып келет", - деп айтылат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133700;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: