super.kg logo
«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Инженер-геолог: "Кумтөрдүн" калдык сактоочу жайы келечекте өкмөттүн баш оорусу болот"

 

"Кумтөрдөн" кала турган уулуу заттарды сактоочу жайдын келечектеги зыяндуулугун элестетүү да кыйын. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда борбор калаадагы "Климаттын өзгөрүлүшү жана Кыргыз өлкөсүндөгү уулуу заттарды сактоочу жайлардын жараткан коркунучу" аталышындагы тегерек столдо Геологиялык мониторинг жүргүзүү лабораториясынын башчысы Исакбек Торгоев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө, өлкө аймагындагы союз маалынан бери курулган уулуу заттарды сактоочу жайлардын ичинен эң коркунучтуусу "Кумтөрдөн" кала турган зыяндуу заттарды сактоочу жай экени маалымдалды.

"Өлкө аймагындагы бардык уулуу заттарды сактоочу жайлардын баарын эсепке алган күндө да "Кумтөрдөн" кала турган уулуу заттарды сактоочу жайдын зыяндуулугунун коркунучун элестетүү кыйын. Бул компания жаңы ишке кирип баштаганда "балдарыбыз жумушсуз калбайт" деп сүйүнгөнбүз. Бирок андан балдарыбызга келечекте кала турган зыяндуулук баш ооруга айланат. Себеби бүгүнкү күндө көлөмү 100 миллион куб метрди түзгөн курамында цианид бар калдык сактоочу жай калууда. Долбоордун аягында анын көлөмү 130 миллион куб метрге жетери айтылган. Салыштыруу үчүн айтсам Советтер Союзу маалындагы бардык калдык сактоочу жайлардын жалпы көлөмүн айта турган болсок 70 миллион куб метрди түзгөн", - деди ал.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.11.2019. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
28-08-2018
Соӊку аракети:
17-11-2019 00:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ото жаман химялык заттар биз качанга чейин ушини угуп олтура берет экенбиз качан гана койлордун айалдары 2 баштуу перзент торогончо ошол койлордун балдары инвалит торолуп баштаса анан кыймылдайт!! Ээ айткандай бул Койлорго перзенттерда кереги жок инвалит болсо олтурупта таштайт бул тааш боорлор буларга акча эле болсо болду!!!
06.11.2019. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
16-11-2019 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну цианди бар калдык сактаган жерди Садыр Жапаров которуп чыкканы учун отурат да турмодо.
Алтындын запасы буто электе озубузго алып иштетип, калдык сактаган колмонун айланысын бекемдеш керек, сууга кошулбагандай кылыш керек дегени учун отурат турмодо.
06.11.2019. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
16-11-2019 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
атын чыкпаса Кум Төрдү көтөрүп чык деген саясий жакшы макал бар Инженер геолог туура айтып жатат бирок аны зыянсыздандырып толук жаап берүүгө бизде Кум Төр менен келишим бар да
06.11.2019. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
501
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
16-11-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумтөр алтын кенин иштетүү биздин өлкөнүн бюджетинин толушуна өтө чоң салым кошот. Ошондуктан туура вариант менен иликтеп изилдеп чыгып иштетүү керек.
06.11.2019. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
15-11-2019 16:27
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келишим боюнча Кумтор калдыктарды зыянсыздантырат. Ландшафты ордуна келтирет.
06.11.2019. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
17-11-2019 10:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Absamat-90,ишенесинби ошого, мен ишенбейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: