super.kg logo
«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


ЖЭБ соту: Айбек Калиев: "Кытай тарап өз келишиминде ар дайым өз компанияларын сунуштап келген"

 

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда Айбек Калиев сурак берүүдө.

"360 миллион доллар боюнча долбоор жок, смета түзүлмөк эмес. Кытай тарап долбоорлор боюнча ар дайым өз компанияларын сунуштап келген. Энергетика боюнча TBEAны ал эми жол салуу боюнча "Сhina roud" компаниясын сунуш кылып турушкан. ЖЭБди модернизациялоо боюнча бизге төрт компаниядан сунуш түшкөн. Арасында бардыгы айтып жаткан "СМЕК" компаниясы бар эле. Алар ЖЭБ боюнча долбоорду "СМЕК" өз каражатына куруп, бирок Кыргыз тарап насыяны экспорт тарифинин негизинде кайтарып берет деген шарт койгон. Кыргыз өлкөсүндө электр энергияны экспорттоо маселеси дайыма көйгөй жаратып келген. Себеби суу сактагычтардын көлөмү азайып калган, учурда башкаларга эмес, өз элибизди электр энергия менен камсыз кыла албай калат элек.Ошондой маалда тескерисинче, энергияны Казакстан менен Өзбекстандан сатып алган учурлар болгон. Ал эми "СМЕКтин" келишими боюнча электр энергияны 5 жыл бою экспорттоп турушубуз керек эле", - деди ал.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: