super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Унаасын токтотконго да үлгүрбөй качкан". Бишкекте кичи автобустун айдоочусу токтоп турган унааны жана жол белгилерин сүзүп алды

 

"Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектин Медеров көчөсүндө келе жаткан кичи автобус токтоп турган жеңил унааны сүзүп алды", - деп SUPER.KG порталына күбөлөр билдирди. Алардын айтымында, жол кырсыгы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин алдында болгон.

Аталган департаменттен билдиришкендей, сүзүлгөн жеңил унаа анын М.А. аттуу майоруна таандык. Анын айтуусунда, ал унаасын түнкү саат үч чамасында жумушунун алдына токтоткон. "Эртең менен болжол менен саат алтыда күзөттө турган аскерлер менин унаамды сүзүп кетишкенин айтышты. Чыксам кичи автобус менин унаамды гана эмес, жол четиндеги жол белгилерин дагы жыгып барып, өзү арыкка түшүп токтоптур. Жол кырсыгы катталган жерге 102 кызматы чакырылып, алар кичи автобусту жүктөп кетип жатыптыр", - деди ал.

Кичи автобустун айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткендигин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

"102 аркылуу чакыруу болгон. Келсек бир жеңил унааны кичи автобус сүзүп кетиптир. Андан тышкары, жол четиндеги белгилер жарактан чыгыптыр. Кичи автобустун ичинде курулуш материалдары бар экен. Анын айдоочусу унаасын өчүргөнгө дагы жетишпей качыптыр. Жабыркагандар жок", - дешти аталган кызматтан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Бишкекте ЖАМКтын кызматкеринин жеңил унаасын кичи автобус сүзүп кетти

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2019. 11:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
19-11-2019 01:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+3
Кудай сактасын, айдоочу шок болуп калган окшойт, бирок барибир күнөөлүү экенин билип туруп качпай эле койсо болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: