super.kg logo
«Жылдын супер дуэти»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы бейтапканада кабыл албай коюшту

 

Социалдык тармакта Бишкек шаарындагы №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна мүмкүнчүлүгү чектелген баланын ата-энеси кайрылып, жардам ала албаганы тууралуу видео тараган. Анда баланын атасы "Биз бейтапканада 3 сааттан бери турабыз. Балам 3 жашта. Баспайт, сүйлөбөйт, моюнун кармай албайт. Биз бул жерде каттоодобуз, аныктама катыбыз да бар. Бирок дарыгер биздин балабызды кароодон баш тартып жатат", - деп нааразылыгын айткан. Бул окуя боюнча баланын энеси Махабат Чекалова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биз бүгүн, 5-ноябрда №10 бейтапканага балабыздын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин аныктаган справка алыш үчүн кайрылганбыз. Алгач невропатологго баргам. Ал педиатр аныктама кат берсе, калганын өзүм жазам деп медайымды педиатрга жөнөткөн. Медайым бат эле келип, "булар биздин аймакка карабайт, жазып бербейм деп кыйкырып жатат" деди. Өзүм баламды көтөрүп алып барсам, медайым "каалаган жагыңарга арыздангыла. Үч балаңды алам, бул балаңды албайм", - деп кыйкырып кирди. Мен ушул жакка катталсак, справканы кайдан алам десем, педиатр ар нерсени шылтоолоп бербей койду. Ар жактан медайым элдин көзүнчө "каалаганыңарды кылгыла" деп кыйкырды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси ошонун баарын көрүп унчукпай басып кетти. 3 сааттай ошол жакта справка ала албай турдук. Биз ал аймакка караган даректе 17 жылдан бери жашап келебиз. Эгер ал жакка катталбаган болсок, КИФ (кабылдамада болгонду аныктоочу барак) бермек эмес да", - дейт.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы "№ 10 үй-бүлөлүк медициналык борборго ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын ата-энеси кайрылганда медициналык картасы жок болгондуктан, тиешелүү кызматкерлер МСЭге (медициналык-социалдык экспертиза) багыттама кат берүүдөн баш тартканы аныкталган. Баланын ата-энеси бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышкан. Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова тарабынан № 10 үй-бүлөлүк медициналык борбордун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисине тез арада медициналык-социалдык экспертизага кайрадан багыттама кат берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма берилген. Окуя боюнча № 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлерине административдик чара көрүлөт", - деп билдирди.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
06.11.2019. 08:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1677
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
16-11-2019 17:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
кандай журок ооруй туган окуя, урматтуу оорукананын жетекчилери,дарыгерлер, медайымдар: Сиздер ант бергенсиздер го, баарына тегиз мамиле кылгыла да, мунунар таптакыр туура эмес болуп калыптыр, итак конулу ооруп турган кишини андан бетер оорутупсунар, жардам бере албасанар да морально поддержка берип жардам берип коюшунар керек эле. Мындай нерсе башка тушпойт деп эч ким айта албайт.
06.11.2019. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
15-11-2019 09:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
медиктер силер антты бузуп тебелеп жатасынар
06.11.2019. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
404
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
16-11-2019 21:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин аймактвн поликлиникасыго бир врач уже бар менимче ошол эжего муноз оор бизда тен келип жатып аран балдарды каратабыз.
06.11.2019. 19:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
17-11-2019 10:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Кыргызстан
+2
Копкон экенсинер медиктер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: