super.kg logo
«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Чыңгыз Турдубековдун концертинде Нурлан Насипке бейтааныш жигит кат берди

 

Легендарлуу ырчы Таалай Бектургановдун чыгармаларына экинчи өмүр берген, хит ырларды жараткан ырчы Чыңгыз Турдубеков күйөрмандарын кубантып, жеке концертин тартуулап жатат.

Концерттин өткөн жери - Спорт ордосу.

Концерттин өткөн убактысы - 4-ноябрь, саат 20:00.

Концерттин аталышы - "Жандуу үн SHOW КОНЦЕРТ".

Билеттин баасы - 500 сом.

Концертти колдоп келгендер - Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Марс, ырчылар Нурлан Насип, Омар жана Шерзат Иминакун.

Концерттин алып баруучулары - Манас Алыкулов жана Рина.

"Береке" бий ансамблинин бийчилери концерттин бет ачарын ачты. Кол чабуулардын коштоосунда сахнага чыккан Чыңгыз Турдубеков жандуу үн менен Таалай Бектургановдун "Сагыныч" чыгармасын жандуу аткарды.

Бир нече чыгармаларды аткарган Чыңгыз мырза Марс менен "Издейм" дуэтин аткарышты. Чыгармачылык кечеси менен куттуктаган Марс мырза "Аидасын" аткарып, залдын жарымын бийлетти.

Эстрада жылдызы Омар "Сагынам" ырын андан кийин "Мага жар керек" деген чыгарманы жандуу үн менен аткарды.

"Универсал" жана "Ошингтон" командасынын жигиттери концертте алып баруучулук кызматты аркалашты. Жигиттер Манас Алыкуловду "алыстан бочка көрүнөт экенсиң" деп тамашага салды.

Концертти колдоп келгендердин бири белгилүү төкмө акын Асылбек Маратов. Ак таңдай акын Чыңгыз Турдубековдун досу экенин, аны бүгүнкү кечеси менен куттуктады. Асылбек мырза ырчы жакында бойдокчулук менен коштошот окшойт деди.

Бир нече чыгармалар жаңыргандан кийин оюнга кезек берилди. Анда ата мекендик текстиль компаниясынын футболка жана байпактары ойнотулду. Чыңгыз деп катуу кыйкырган көрүүчүгө белектер берилди.

Кезек конокторго жетти, сахнага белгилүү ырчы Нурлан Насип чыкты. Ырчы мырза бир чыгарма аткаргандан кийин сахнага бейтааныш жигит чыгып кат сунду. Бир топко ойлонуп туруп калган Нурлан мырза көрүүчүлөргө карап "бул жагы мага дагы кызык, 21- кылым" деп катты чөнтөгүнө салып койду.

Чыңгыз Турдубековдун атасы Турдубек Үркүнбаев уулунун тушоо кесүү концерти өтүп жатканына кубанганын, келечекте мыкты композитор болсо деген тилегин айтты. Ошондой эле чыгармачылык өнөр жети атасынан бери келе жатканын белгиледи. Ал эми ырчынын апасы Салкын Казакбаева көкүрөк күчүгүнүн ийгилигине кубанып, колдоп келгендерге ыраазычылыгын билдирди.


кошулду


Чыңгыз Турдубековдун концертинде көрүүчүлөргө байпак таратылды

Автор: Нуркыз Курманбекова
Оператор: Тилек Жуматаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
05.11.2019. 00:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
01-04-2013
Соӊку аракети:
11-11-2019 22:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад,Кыргызстан.
+5
Ийгилик,чын ден-соолук каалайбыз Чынгыз!
05.11.2019. 00:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2137
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
12-11-2019 16:17
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ана материал, ал кат эми 2019 жыл буткучо хит болот.
05.11.2019. 01:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Марс мырза дегени жаш эле бала экен курсагы кантет челкейип.
05.11.2019. 07:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
12-11-2019 12:41
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nevestkaa,Буга окшогон челектер толтура бизде)))
05.11.2019. 09:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:12
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Бейтааныш жигит кат берди" деп, силер Кыргызстандагы жигиттердин баарын тааныгандай суйлодунор го
05.11.2019. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 16:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балким ырын бергендир,жагып калса ырдап бер деп Насипке
05.11.2019. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
319
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
07-11-2019 15:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец азаматсын Турдубек агай да сонун ырдаптыр Журкундуктор кобу барыптыр
05.11.2019. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
18-01-2014
Соӊку аракети:
12-11-2019 10:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ана жаңылык
05.11.2019. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
06-09-2016
Соӊку аракети:
12-11-2019 14:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Чыныгыз Турдубековдон маек алуунуздарды суранам.
05.11.2019. 13:31 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-10-2019
Соӊку аракети:
12-11-2019 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назира токонова келбей койгон го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133501;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: