super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Сурамжылоо: Той десе чөнтөк шуу дейт. Конвертке канча акча салып барасыз?

 

Көпчүлүк жакшылыгын түшүм маалы деп күз мезгилине пландайт. Дал ушул тапта той көбөйүп, аны өткөргөндөр да, ага баргандар да өз түйшүктөрү менен убара. Ага баргандардын конверт көтөрүп баруусу кадыресе көрүнүш болуп калды. SUPER.KG порталы шаар тургундарынан "Тойго алып барган конвертке канча акча саласыз?" деген сурамжылоо жүргүздү.

"Бир айда 2-3 жолу барам тойго, кошумча той берген кишинин шартына жараша алып барам. Кээ бирөөнө 3 миң сом, 5 миң сом, жакын киши болсо мал алып барам. Тойлордун санын азайтмак турсун жоготуу керек. Элибиздин илгертен берки кагазга жазылбаган өзүнүн мыйзамдары бар, ошону колдонуу керек бул жерде. Той дегенди таштагыла, тойдон эч пайда жок. Өзүңөр деле тойго барып жүрөсүңөр, артисттерди көптүрдүк. Бул да ашыкча чыгым. Ичип-жеп, бийлеп анан аягында сакалдуу сиз экенсиз, бата берип коюңуз дейт. Анан биз да телтеңдеп келип эки жаш бактылуу болсун деп коёбуз".

"Эми эч болбой калды дегенде 2 миң сом алып барабыз. Негизи андан көп, туугандарга 5 миң сомдон аз кошо албайбыз. Эми азайтканда жакшы болмок, мисалы, бул кыз узатуу деген тойду жөн эле койсок жакшы болмок да. Эми менин деле үч кызым бар, бирок, ашыкча эле чыгым экен. Тойго барганда деле жакшы кийинип, жасанып барыш керек. Аялдар бир эле көйнөк кийип бара албайбыз, эркектер го бир костюмду кийип кете беришет".

"Айына эки-үч жолу барабыз. Жок дегенде 2-3 миң сом алып барабыз. Тойлордун санын азайтуу деле туура бирок, жакшылыктар болуп турганы жакшы. Эми өтө деле чыгым көп чачуунун кажети жок деп ойлойм. Бирок той болуп турганы жакшы".

"Мисалы, өткөн айда 2 тойго бардым. Катышка жараша алып барам. 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин. Эми азыркы тойканалардын санын көрүп, өлкөбүз той менен эле жашап атабы деп ойлоп кетем. Тойдун болуп турганы жакшы. Кээ бирөөлөр кредит алып той өткөрүп, кайра төлөй албай калып атат, бул жагынан жаман эле. Мүмкүнчүлүк болсо берүү керек тойду. Атаандашуу жакшы, бирок мүмкүнчүлүккө карап жашашыбыз керек да".



Капчыкты каккан “тоябрь“: Конвертке канча акча саласыз? (сурамжылоо)

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.11.2019. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
16-11-2019 23:37
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мамлекет ушундай той-топур, Аза кутуудогу ашыкча ысырапкорчулукту козомолго алып чектоо киргизсе жакшы болмок
04.11.2019. 14:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
09-11-2019 16:21
Жынысы:
Белгисиз
+5
30ка жакындап калдым,бир эле жолу тойго бардым.Кафедеги той анча жаккан жок.Концерт коруп кеткендей эле болот экенсин.Ызы-чуу,микрофондун унунон же суйлошо албайсын эл мн.Уйдун эле тойу сонун.Колуман келае,кийин уйдон эле берем.1 жашка чыга элек балдары мн баргандарга кыйын болот экен.Кафедеги той-озу улуу муундарга ылайыктай.Келип,отуруп,соз суйлоп,тамагын жеп кете беришет.Закон менен тойлорду контролдоп койсо туура болмок
04.11.2019. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
346
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
16-11-2019 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тойдун кызыгы калбады кайталанма, тажатма, чыгым эсил кайран убакыт тажатты тойлор
04.11.2019. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
17-11-2019 01:56
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыыыыр ойлоп корком мен да балдарыма ушундай дүңгүрөгөн той кыла аламбы же жокпу деп.Ал маалга чейин тойлордун чыгымдары кыскарып биз кичине кездегидей үйдө эле той жасап калсак экен.
04.11.2019. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
16-11-2019 14:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алыбай алына жараша иш кылса болот да,атаандашып акчалууларга тенелбей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: