super.kg logo
«Жылдын супер дебюту»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Башкы прокуратура: "Сейитбек Атамбаевдин "Автомаш-Энерго" ишканасына тийиштүү документтер алынды"

 

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевге таандык "Автомаш-Энерго" ишканасынын документтери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алынган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу козголгон бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Мындан улам анын жакындарына тиешелүү мүлктөрү, ишканалары жана активдери текшерилүүдө.

"2003-жылы "Кыргыз автомаш" ААКнын директорлор кеңеши электр энергиясын дүңүнөн алып, сатуу менен алектенген. Андан соң "Автомаш-Энерго" деп аталган компания негизделген. 2004-жылы Атамбаев компаниянын негиздөөчүлөрү катары уулу Сейитбек Атамбаевди киргизген. Андан соң аталган ишкананын 75 пайыз үлүшү ага катталган. Ушул жылдын 23-августунда "Автомаш-Энерго" ишканасы камакка алынып, текшерүү башталган. Бирок фирманын жетекчилиги ушул кезге чейин ар кандай шылтоо менен тийиштүү кызматкерлерге документтерди көрсөтүүдөн баш тартып, алардын ишине тоскоолдук жаратып келген. Мындан улам Биринчи Май райондук соту 21-октябрда чыккан токтому менен аталган ишканага тиешелүү документтерди алуу аракеттери жүргөн", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 31-октябрда Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевге таандык "Автомаш-Энерго" ишканасында тинтүү жүрүп жатканы айтылган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.11.2019. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
706
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Атамбаев 2010-жылга чейин оппозицияда жүргөндө электрдин баасы 6 тыйынга барабар экенин айтып, Курманбек Бакиевдин бийлиги көтөргөн 1 сом 50 тыйын наркка катуу каршы чыккан. 2010-жылдагы митингдерде Атамбаев “бийликке келсем светтин баасын 70 тыйынга түшүрөм” деп ант берген. Ошол убадасы кана? Электрдин наркын түшүрбөй эле кайра 2 сомдон ашырып, Бакиевден өтүп кетти го.
01.11.2019. 17:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
514
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
18-11-2019 21:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасынын баласы да. Ошонун ары же бери жагынан чыгат да.
01.11.2019. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
514
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
18-11-2019 21:13
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мунун эч кандай ишканасы жок атасынын убагында барып өзу басып эле алган ишкананы өз менчиги катары көрсөтуп жатат. Бул ишкананы мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү зарыл.
01.11.2019. 17:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
18-11-2019 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
элди алдап оз капчыктарын толтуруп атса документтерин албай анан эмне ылат?
01.11.2019. 17:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
706
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Электрди 21 тыйындан алып элге 2 сом 16 тыйындан саткан АШАнын балдары кол тийгиспи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: