"Ислам мамлекети" уюму өздөрүнө жаңы лидер шайлаганын жарыялашты

Кечээ, 31-октябрда “Ислам мамлекети” уюмунун мүчөлөрү лидери Абу Бакр ал-Багдадинин өлтүрүлгөнүн расмий түрдө билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бугүн, 1-ноябрда аталган уюм өздөрүнө жаңы лидер тандашканын жарыя кылышты.
“Ислам мамлекети” уюмунун лидери болуп Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши шайланды. Ал “жихаддын ветераны” экени белгилүү. Андан башка маалымат жокко эсе”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, 27-октябрга караган түнү Сириянын Идлиб провинциясында "Ислам мамлекети" уюмунун лидери Абу Бакр ал-Багдадини жок кылуу боюнча АКШнын операциясы жүрүп, ага 8 учак катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:20
2021-03-08

10:23
2021-03-08
10:9
2021-03-06
Рейтинг:
0

Арабтардын тозок жонундо жомогуна ишенип арабташып журо бер сен.
Кутейба ибн Муслимди колдоп арабтардын аскер башчысы болгон.
Ислам олтурбо дейт. Булар сураксыз адам олтуруп журот, оздорун Кудай сезип...
Мусулман болсон намазынды окуп тынч жашай бер, оз жолунда...
Бейкүнөө элди өлтүрү бул би эле мусулмандара эмес жалпы эле адамзатына арам,күнөө болуп эсептелинет.Ислам мамлекети бул Америка тарабынан түзүлгөн топ деп ойлойм.Булардын кылганы жүз пайыз ислам динине каршы келет.Америка,Америка булар дагы эмнени гана кылган жок.Канчалаган элдин канын төктү.Алгач эле Вьетнам,Ирак,Ливия,Сирия.Ушул өлкөлөрдө Америка,СССР,Россия канчалаган бейкүнөө элдин канын төктү.Ливияны бир эле Каддафинин айынан талкалап салды.Иракты болсо Саддам Хусейндин айынан.Лив
Бир Ислам мамлекети деп аталган топ үчүн жалпы мусалмандарды күнөөлө туура эмес.Итбайдын иттиги үчүн Чотбайдын чот чапканы күнөө эмес.