super.kg logo
«Жылдын супер көк бөрүчүсү»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арачыларынын жолугушуусунан кийин Кыргыз жараны мекенине кайтарылды"

 

Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын чек арачылары Тажикстандын Согдий облусунда жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты. Ага ылайык, 31-октябрда Тажикстандын Согдий облусунун Исфара шаарында эки өлкөнүн чек арачыларынан түзүлгөн делегация жолукту. Жолугушууда негизинен чек ара аймактарындагы коопсуздукту сактоо боюнча өз ара сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү маалым болду.

Делегация өкүлдөрү эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелерди талкуулашты. Андан тышкары, чек ара кызматындагылар террорчулукка каршы чогуу күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жолугушууда диний-экстремисттик жана Эл аралык террорчу уюмдардын иш аракеттерине бөгөт коюу боюнча биргеликте иш алып баруу макулдашылды.

SUPER.KG порталы мамлекеттик чек ара кызматына байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды: "31-октябрда Кыргыз-Тажик өлкөлөрүндөгү чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, бир катар маанилүү маселелерди талкуулап, чечишти. Алардын арасында 24-октябрда Тажикстандын "Чарку" базарына кирип, дайынсыз болуп жаткан Таш-Тумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов тууралуу да сүйлөшүүлөр жүрдү. Аталган жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз жараны мекенине кайтарылды. Учурда ал аман-эсен жакындарынын жанында", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, 24-октябрда Тажикстандын "Чарку" базарына кирип кеткен Таш-Тумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов дайынсыз болуп жаткан. Кийин ал Тажикстандын аймагына мыйзамсыз кирип кеткени үчүн кармалганы белгилүү болгон. Бүгүн, 1-ноябрда Каримовдун үй-бүлөсүнө кайтарылганы тууралуу анын иниси Нуртилек Каримов SUPER.KG порталына билдирген.





 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.11.2019. 14:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
16-11-2019 08:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге талап койбойсуңар сүйлөштү чечишти деп кутулуп кетпей
01.11.2019. 14:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
682
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
16-11-2019 16:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мнеге кыйнайт ошолорду айтпайсынарбы ? Силер алардын бир жаранын сурак кылып коргулочу мне кылат экен.
01.11.2019. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
501
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
16-11-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажикстан менен биротоло мамилени оңдоп чек араны топ алуу керек.
01.11.2019. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
16-11-2019 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажиктер өтө начар калк булардан абайлаш керек границаны жаап салгыла аларга бугунку кундо биздин муктажык жок
01.11.2019. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
-2
суйлошуулор журо берсе, чечиле турган маселе.
01.11.2019. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
16-11-2019 22:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо биздин жаранды сабап, токко урдуруп кыйнаган үчүн эч ким жооп бербейби
02.11.2019. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-04-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 17:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен дейттер байкуш [moderated]да суйлогонун угуп боорун оорууйт,дайыма кыргыздар жабыр тартат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: