super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Орусияда дайынсыз болуп жаткан Кыргыз жаранынын жансыз денеси өлүкканалардын биринде табылды

 

Орусияда Кыргыз жараны 18-октябрда жумушка кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, изделип жаткан. Анын жансыз денеси Москва шаарындагы өлүкканалардын биринде табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну кайрылып, 18-октябрдан бери 30 жаштагы Х.А. аттуу бир тууган агасы дайынсыз жоголуп жатканын айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө изделип жаткан жаран Орусияга 2012-жылы келгени аныкталган.

"Кызматкерлер дайынсыз жоголгон Кыргыз жаранын издеп, өлүкканаларды да текшерүүгө алышкан. Анда 19-октябрь күнү Москва шаарынын Серпухов көчөсүндө жол кырсыгы болуп, анда изделип жаткан жаран жабыркаган. Ал ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон. Маркум андан соң өлүкканалардын бирине жеткирилген. Маркумду тууганы дене түзүлүшүнөн жана меңинен тааныган. Учурда анын сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү боюнча иштер аткарылууда", - деп жазылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: