super.kg logo
«Жылдын супер саундтреги»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө калкты каттоо мобилдик тиркеменин жардамы менен өтөт

 

2020-жылы өлкө боюнча калкты жана турак жай фондун каттоо мобилдик тиркеменин жардамы менен өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, улуттук статистиканын суроолор баракчасын электрондук форматка өткөрүү боюнча "Survey Solutions" тиркемесинин базасындагы программаны колдонот.

Алгачкы жолу бул мобилдик тиркемени сыноо иретинде Чүй облусунда элди off-line режиминде каттап, тестирлөөдөн өткөрүп көрдүк. 2019-жылдын июль айында мобилдик тиркемелер кайрадан иштелип чыккандан кийин, комитеттин 33 адиси менен Ысык-Көл облусуна караштуу Кум-Бел айылында кошумча тестирлөөдөн өткөрүлдү. Коопсуздук жана калктын жеке маалыматын коргоо максатында тиркемеге кирүү чектелүү болот”, - деп айтылат маалыматта.

Калкты каттоо иштери 2020-жылдын март айынан башталат.

Бул мобилдик тиркемени сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, ага 9 миллион 401 миң 300 сом өлчөмүндөгү каражат каралып жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жарыяланган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.10.2019. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
03-05-2016
Соӊку аракети:
16-11-2019 20:54
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жөрөлгл
31.10.2019. 09:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
501
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
16-11-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Санариптештирүүнүн жарандардын жашоо турмушун жеңилдетүү максатында жасалып жаткандыгынын дагы бир далили ушул болуп саналат.
31.10.2019. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
0
ынгайлуу шарттар тузуло берсин, алдыга кадам таштай берели.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: