super.kg logo
«Жылдын супер балбаны»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Эмне үчүн сот адилеттүү мамиле жасабайт?". ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары маалымат жыйын берди

 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек жылуулук борборун жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишине айыпталуучулардын кызыкчылыгын коргогон жактоочулар маалымат жыйын өткөрүүдө. Алар Замир Жоошев, Нурбек Токтакунов, Бакыт Жумашев жана Майрамбек Жумабеков.

Жактоочулар сот отурумдарына негизги 2 күбө келбей жатканын, алар эркиндикте болуп, соттук токтомдорду аткарбай жаткандарына токтолушту. Алар билдиргендей, буга чейинки бардык көрсөтмөлөр негизги күбөлөр делген ошол 2 адамга багытталууда. Бирок тиешелүү тараптар эмнегедир отурумдарга келтире албай жатышат. Ошол эле учурда камакта отурган айыпталуучуларды мажбурлап алып келишүүдө.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө жактоочу Замир Жоошев суракка келбей жаткан эксперттерге токтолуп, сотко нааразычылыгын айтты.

"Эксперттерден жыйынтык боюнча сураганыбызда алар негизги күбөлөр делген Асанова жана Хафизовго шилтеме кылышкан. Эң башкы күбөлөр Хафизов жана Асанова болуп жатат. Алар соттон үч жолу чакыруу алып, бирок келбей коюшту. Үч адамга күч менен алып келүү жөнүндө токтом чыккан. Бирок кечээ ал нерсе Исаковго гана карата аткарылып, аталган эки жаран үчүн аткарылган жок. Эмне үчүн сот адилеттүү мамиле жасабайт?", - деди Жоошев.



Сапар Исаковдун жактоочулары маалымат жыйын берүүдө

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.10.2019. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
04-11-2019 12:32
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыркы соттордон акыйкат издеп кереги жок. Азыркы сотторду эки Жээнбеков менчиктеп алышкан. Эки бир тууган Жээнбековтор өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип, элдин нааразылыгын көзгө илбей билмексен болуп отурушат. Сооронбай келди эч бир жакшылык көргөн жокпуз. Сокенин ичеер суусу аз эле калды. Кайда барба Сооронбайга нааразы болгондор.
zhaku2017 түзөттү 2019-10-29 12:50:08
29.10.2019. 12:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
405
Катталган:
19-06-2018
Соӊку аракети:
15-11-2019 16:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaku2017,Кайдагыны айтып былжыраба тууганым! Сот системасында акыйкаттык орной баштады! Атамбаевдин тушунда кайдагы бир шылуундан көрсөтмөсү менен белгилүү саясатчыларды 10 жылга камаган нерсе жок азыр!Бул адвокаттар колдоп догурунуп жаткандар бир кычкачты 600 долларга алган чыныгы коррупционерлер! Оюна келгенди оттой бербе!
29.10.2019. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
21-10-2015
Соӊку аракети:
17-11-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
0
zhaku2017, ушул акмактардын айынан карызга карыз кошулуп жататго. Кичине ойлончу
29.10.2019. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
15-11-2019 16:27
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулардыкы отту осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт болуп.Кылдынбы жооп бер да.
29.10.2019. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
501
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
16-11-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар эмне мынча акылдуусунат. Андан көрө өздөрүнүн коргоочуларнын айыбын билип алышсын. Эмне Сапар Исаокавдун 600 долларга кычкач алганы туура экен да. Адвокаттар ушинтсе буларга көп эле акча берип койгон го.
29.10.2019. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
адвокаттар чындыктан башка бардык нерсени айта беришет, куноолуулордон башка бардыгын кууноолой беришет. ошон учун алар адвокат
29.10.2019. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
16-11-2019 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
111млн доллар уурдаган акчаны кайтаргыла!!!! мага кол чаппагыла!!!! ЭЙ- уккула мени Ленин, Сталин, Хрущев, Брежнев баары биригип мынча акча уурдаган эмес -Акчаны кредитке алганбыз 386 млн долларды 2024-жылы 500 млн доллар кылып кайтарышыбыз керек
29.10.2019. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
17-11-2019 10:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
С. ЖЭЭНБЕКОВ туура жол менен баратат, ажыдардын башы болгон, коррупционер АШАны жана анын жугуртукторун камап туура эле кылып жатат, Жээнбеков жегичтерди тазалап анан онугуу жолуна тушот АЛЛАХ буйурса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: