super.kg logo
«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Ош-Исфана жолу Тажик тараптын Кыргыз жаранын камап койгонунан улам убактылуу жабылган

 

Бүгүн, 26-октябрда Баткен районунун Жака-Өрүк аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Ош-Исфана жолун жарым саатка тосушкан. Алардын жолду бууганына Тажик тараптын Кыргыз жаранын камап койгону себеп болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына барымтага алынып, үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жаран Асылбек Каримовдун бир тууган агасы Абдисамат Каримов айтып берди.

Каримовдун айтымында, анын бир тууган иниси Тажик тараптын "Чарку" базарына 24-октябрь күнү эртең мененки саат 10:20лар чамасында кирип, бүгүнкү күнгө чейин ал жактан чыга элек. Мындан улам ал жолду бууп, тиешелүү тараптарга кулак кагыш кылууга аракет жасаган.

“Менин иним 24-октябрда Тажикстандын "Чарку" базарына барган. Алардын базарына жакын, чектеш жерде жашайбыз. 6 чакырымдан кийин эле тажиктердин базары башталат. Иним унаасын Кыргыз өлкөсү тарапка коюп, Тажикстандын унаасы менен базарга түшкөн. Ал жакта базарда жүрсө, инимди милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Иним ал жакка кеткенден бери үч күн болду, андан бери дайын жок.

Мен эч айлам калбай, жергиликтүү бийликке кулак кагыш кылып жолду жаптырдым. Анткени инимдин үй-бүлөсү кан жутуп жибергендиктен, аларды көрүп тынч тура албадым. Тажиктерден сурасак, алар айтпай жатышат. Тиешелүү тараптарга, депутаттарга дагы айттык. Инимдин 5 баласы бар. Эң улуусу 1-класста окуйт, эң кичүүлөрү эгиз кыздар. Эгиз кыздары 2 айлык. Биз жолду жапкандан кийин Баткендин акими, милиция кызматкерлери келип жолду ачтырышты. Тажик тарап инимди 6-бөлүмдө деп айтып жатышат. Бүгүнкү күндө дагы инимдин дайыны чыга элек. Тажик тарап чек араны бузуп киришкен деп айып коюп жатышыптыр. Бирок кошуна калкпыз, алар бизге, биз аларга кирип алака түзүп келгенбиз. Биздин базарда Тажик тарап каалагандай жүрүшөт. Алар тараптан биз тарапка жасалган мамиле адилетсиз болуп жатат.

Биздин үй Тажик тарапты аралап кирет. Негизи бул жерде аралашып эле жашайбыз. Азыр эле 2 баланы чыгарышканын өз көзүм менен көрдүм. Бирок балдар мурункудай эмес, бутун эзип сабашканы көрүнүп турат. Бул жерден чынында ушунчалык тажадык же чоңдорубуз жыйынтыктуу чечип беришпейт. Бул жерди аргасыз таштап кетүү жолубуз эле калды окшойт”, - деди Каримов.

Буга чейин 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болуп, 13 жаран жаракат алган. Башкы прокуратура каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.



Ош-Исфана жолу убактылуу Тажик тараптын Кыргыз жаранын камап койгонунан улам жабылган

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
26.10.2019. 21:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
30-10-2019 20:04
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыртадан Кыргыздын жеринде Тажиктер кыргыз жарандарын камап жатышат. Жин урсун эртенки кунду ойлогонго да коркуп жатам.
26.10.2019. 22:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
05-07-2019
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ачууга алдырып таштап кетпегиле!биздин чондордун башына жетпейт тажиктердин жери аз эли коп алар жерин чонойтконго аракет кылып атат а бизден бирда жооп жок аларга!
26.10.2019. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
07-12-2019 11:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Каракол
+5
Кошуна мамлекеттер менен тең ата боло албай жатабыз го
27.10.2019. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
30-03-2016
Соӊку аракети:
09-12-2019 19:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат
+4
Кекиртектен кылышты бир проблема чечилбейт
27.10.2019. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
07-12-2019 10:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чондор же экономиканы же чек араны мындайча айтканда б..ту да чейпейт экен да.......
27.10.2019. 19:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
772
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 15:35
Жынысы:
Белгисиз
-1
Досун камашты билет кошуна менен сүйлөшүштү билбейби анда кирип кеңеш сурап чыкбайбы?
28.10.2019. 10:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
09-12-2019 15:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алар менен мамиле жакшы эмес экенин коруп билип туруп эмнеге кирет биздин жарандар. Сактансан сактайт кудайым дейт.
28.10.2019. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
09-12-2019 17:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке маселеси бар адамдар өздөрү үчун жооп берсе жакшы болмок. Бир адамдын кесепетинен канчалаган жүргүнчүлөр жабыр тартоого тийиш.
28.10.2019. 12:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
09-12-2019 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик алсыз ошого коншу мамлекетер каалаганын кылып жатышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134745;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: