super.kg logo

Мирбек Атабеков апасынын үйүн тоноого шектелген жаран боюнча кайрылуу жасады (видео)

 

Ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүн тоноого шектелип кармалган жаран боюнча кайрылуу жасады. Атабеков ар кандай аттарды жамынып, жаман пикир жазгандарга таң калып, чагымчыл сөздөрдү жазууда сак болууну өтүндү. Анын айтымында, алар жабырлануучу тарап болгондуктан, шектүү катары кармалган бала боюнча бир пикир айтуу али эрте. Анткени бул милиция кызматкерлеринин тергөөсүнүн жыйынтыгында аныкталат.

"Менин үй-бүлөмө тиешелүү кырсык боюнча айтып кете турган сөздөрүм бар. Кылмышка шектүү катары кармалган баланын апасы интервью берип, элде ар кандай ой-пикирлер жүрүп жатат. Мындан улам мен дагы үн катпай коё албадым. Албетте, ар бир эне баласын аппагым деп, аны коргойт. Бирок мен азырынча кармалган жигитти күнөөлүү же күнөөсүз деп бир тараптуу эч нерсе айта албайм. Анткени учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Качан гана соттун чечими чыкканда бир тараптуу пикиримди билдиришим мүмкүн.

Ал эми жабык баракчаларга кирип алып, Мирбек Атабеков күнөөсүз баланы карматып, апасын ыйлатып жатат деген сөздөр айтылып жатат. Айланайын бир туугандарым, мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап? Кудайга шүгүр, менин андан башка толгон токой жумуштарым бар. Биз жабырлануучу тараптабыз. Кылмышкерлер энеме кол көтөрүшкөн, 60 жаштагы энемдин кабыргасы сынган. Апамдын абалын көрүп жүрөгүм ооруду. Ал окуядан кийин көпкө чейин нес абалда жүрдү. Алар мейли акчаны, алтынды, балекеттин баарын алсын, ага дооматым жок. Акча, алтын табылат. Бирок бейкүнөө энеме эмне үчүн кол көтөрүшөт? Окуяга тиешеси бар, кылмыш кылган адамдар толук кандуу жооп бериши керек. Ал эртең боштондукта болсо, башка адамдарды жабыркатып кетиши мүмкүн. Бул ишти адилетүү чечип беришин милиция кызамткерлеринен сурайм жана жаратканымдан бул үчүн дуба-тилек кылам", - деди Атабеков.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 6-майга караган түнү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. Кийин ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Каракол шаарынан Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милициясы тарабынан Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип Б.М. аттуу 24 жаштагы жаран кармалган.

Кийин шектүү катары кармалган жарандын апасы Жыпаркүл Иманкалиева баласы күнөөсүз кыйноого алынганын жана бейкүнөө камалганын айтып чыккан.

Андан көп өтпөй, Октябрь РИИБи тарабынан уурулук боюнча Атабековдун үйүн тоноого шектелип кармалган жаранга дагы бир айып тагылган. Октябрь РИИБи кылмышка шектүү 2018-жылдын 24-декабрында Кара-Жыгач конушундагы үйдө болгон уурулукка катыштыгы бар деп маалымат тараткан.



Мирбек Атабеков: "Энемди сабагандар жазасын алышы керек"

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.10.2019. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
687
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
25-02-2020 06:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде ууруну коргогон заман болуп калды.саясатта айрыкча. Курсу тушуп кеткен саясатчы камалса элден колдоо табат. Мисалы Текебаев. Кадыр баркы кетип калды эле Атмбаев камап койду сразу жылдыз болуп калды.точно уурдаган болсо жооп бериш керек. Жалган жалаа болсо башкалары кудай алдында жооп бериши бул анык.
Медиа-портал
26.10.2019. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
09-03-2019
Соӊку аракети:
24-02-2020 11:14
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мирбек азаматсын. Аябай ачууланыптырнсын. Тушуном. Кыргыз элин укпай эле кой. алар тантырай беришет.
26.10.2019. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
24-02-2020 22:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйубу же кафеби?
26.10.2019. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
20-01-2018
Соӊку аракети:
20-02-2020 23:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек красавчик.
26.10.2019. 13:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
442
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
22-02-2020 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул Атабековдун үйүнө кирди деген жомок эч түгөнбөс болду го.Өзүн ушундай жол менен пиярлап жатабы же.Бүттү болуш керек да акыры.Ар санына эле ушунун үйүнө киргенин жазасыңар.
26.10.2019. 18:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
420
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
24-02-2020 23:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче бүгүнкү күндө Мирбектин өзүн пиар кылууга эч негиз жок. Пиарсыз деле авторитети жогору. Бул менин жеке пикирим.
27.10.2019. 01:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
17-02-2017
Соӊку аракети:
01-02-2020 04:20
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай Ким билет Ким билет ,Бир Гана Алах билет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137919;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: