super.kg logo

Ички иштер министринин орун басары Памир Асановдун жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши боюнча түшүндүрмө берди

 

2019-жылдын 16-октябрында ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов 55 жашка чыккан. Бул жаш курагында ички иштер органдарынын мыйзамына ылайык, кызматкер отставкага бошотулат. 55 жашка чыккан Асанов кызматынан кетиши керектиги тууралуу коомчулукта талкуу жаралган.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча түшүндүрмө берди.

"Соттук-укуктук реформанын алкагында жана 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы жазык мыйзамдары ишке киргенине байланыштуу жаңы процесстик талаптар пайда болуп, тергөө бөлүмдөрү менен алгачкы тергөөгө чейинки кызматкерлердин ролу жана жоопкерчилиги жогорулаган. Жаңы жазык мыйзамдарын мындан ары дагы ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр менен кошумчалар киргизилип, кызматкерлер окутулууда. Бул багытта министрликтин ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн министрдин орун басарларынын бирине милициянын полковниги Памирбек Асанов дайындалган.

Ал ички иштер министринин орун басары кызматына дайындалгандан мурда аталган министрликтин Тергөө кызматынын башчысы кызматында иштеп келген. Ал эми андан мурда ар кандай жетектөөчүлүк кызматтарды аркалап, тергөө багыты боюнча мол тажрыйбага ээ болгон милиция кызматкери экендиги да эске алынган.

2019-жылдын 16-октябрында ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов 55 жашка чыкты.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамдын 7-2-беренесине ылайык, орто жана ага жетектөөчүлүк курамдын атайын наамы бар ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында кызматын өтөй алышат жана 55 жаш курагында отставкага бошотулат. Тактап айтканда, азыркы мыйзамга ылайык туулган күнүндө жумуштан кетирүү деген так талап жок. Азыркы учурда жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча кызматкерлерди кызматтан бошотуу алардын берген билдирмесинин (рапорт) негизинде ишке ашат.

Тактап айта турган маселе, "Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2020-жылдын 3-февралынан баштап күчүнө кире турган 85-беренесинин 1-бөлүмүндө кызматкерлердин 55 жашка чыгышы боюнча отставкага кетирүүнүн нормалары каралган", - деп айтылат маалыматта.

Памирбек Асанов ушул жылдын 13-август күнү Ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин бул кызматты Курсан Асанов 8 жыл бою аркалап келип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйөө менен кызматтан бошотулган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
24.10.2019. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
31-01-2019
Соӊку аракети:
31-12-2019 23:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош, Журогум бош))
0
недеп койгон ...... не себептен качан каякта иштеген деген адам жок. кыска эле коментарий бербейби.
24.10.2019. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
07-10-2015
Соӊку аракети:
26-01-2020 16:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Асанов кетип Асанов келип баары бир озгоруу жок.
24.10.2019. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
598
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
23-01-2020 15:22
Жынысы:
Белгисиз
-1
Памир Асановдун жашы 55ке жеткен менен мыйзамда каралган айрым шарттарга байланыштуу дагы бир жылга кызматта калуу мүмкүнчүлүгү бар. Министрликтин жоболорунда каралган мыйзамдар бузулган эмес.
24.10.2019. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
493
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
26-01-2020 19:39
Жынысы:
Белгисиз
-1
85-берененин 1-болумундо каралган турбайбы.
24.10.2019. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
841
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
26-01-2020 20:08
Жынысы:
Белгисиз
-1
Министр неге кетбейт 60 тан ашып кетиго
25.10.2019. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
05-06-2018
Соӊку аракети:
26-01-2020 13:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jelezo,Жакшы иштеп жаткан министрге асылбай ишинди кыл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: